Агатанманак, өрөөн

Википедия дан

Агатанманак өрөөнү Алай кырка тоосунун чыгышында субмеридиан багытында созулуп жатат. Аянты 40км 2ден ашык. Узундугу 70 кмдей. Жеринин бети түштүк-чыгыштан түндүк-батышты карай жантайыңкы; дөңсөөлүү. Негизиненпалеозойдункарбонаттуу тоо тектеринен түзүлгөн. Кышы суук, жайы мелүүн. Жылдык жаан-чачыны 450–500 мм. Өрөөн аркылуу Агатанманак суусу (Мурдаштын бир курамы) агат. Токой (2300–2500 м), субальп (2500–3000 м) жана альп шалбаалуу талаа (3000–3600м) ландшафты басымдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]