Агроландшафт

Википедия дан

Агроландшафт - мезорелъефтин элементтеринде топурак ареалы менен чектелген же болбосо топурак курамына (бирдей геологиялык, литологиялык, гидрологиялык ж. б. шарттарда) ээ болгон жер бетинин бир бөлүгү. Агроландшафт топурактын түшүмдүүлүгүн арттыруу үчүн экологиялык коопсуздукту эске алуу менен жер ресурстарынын мүмкүнчүлүгүн эң арбын колдонгон айыл-чарба иштеринин түрүнө кирет. Айдоо жерлерди туура эмес пайдалануунун натыйжасында жерлер суу, шамал аркылуу эрозияга учурап, көп жерлерде жер кыртышын суу басып, шорлонтуп жиберет. Ошондой эле, бул айдоо жерлердин химиялык (канцерогендик, мутагендик) заттар менен булганышынан айдоо жерлердин түшүмдүүлүгү төмөндөйт. Химиялык жер семирткичтердеги уулуу заттар калк арасында ар түрдүү оорулардын көбөйүшүнө өбөлгө түзгөн. Бирок, акыркы жылдары химиялык заттар биологиялык заттар менен алмаштырылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1