Агрофитоценоз

Википедия дан

Агрофитоценоз - (агро..., гр. phyton өсүмдүк koinos - жалпы) айыл чарба (маданий) өсүмдүктөрүнүн ээлеген аймактарда (айдоо талаасында, огороддо, жемиш-мөмө багында ж. б.) бирге өскөн түрлөрүнүн тобу. Алар азык-түлүк, тоют жана кайра иштетүүчү өнөржай үчүн чийки зат болуп эсептелет. Агрофитоценозду аймактар боюнча жайгаштырууда топурак-климаттык шарттар, өзгөчө аба температурасы, вегетация мезгилинин узактыгы чоң роль ойнойт жана рынок мыйзамына ылайык өзгөрүүлөр болуп турат. Кыргызстандын Агрофитоценозун дан өсүмдүктөрү (буудай, арпа, сулу, жүгөрү), акшак жана белоктуу дан өсүмдүктөрү (таруу, каракүрүч, буурчак, соя, фасоль ж. б.), тех. өсүмдүктөр (пахта, тамеки, кант кызылчасы), май өсүмдүктөрү (сафлор, күнкарама, рапс, жүгөрү), жашылчалар (томат, бадыраң, калемпир, сабиз, пияз ж. б.), тоют өсүмдүктөрү (беде, эспарцет, силостук жүгөрү ж. б.) жана бахча өсүмдүктөрү (дарбыз, коон ж. б.) түзөт. Бул өсүмдүктөр жыш же жөөктө себилет. Ар бир агрофитоценоздун өзүнө гана тиешелүү топурак иштетүү, сугаруу, жерсемирткич чачуу, илдет жана отоо чөптөн коргоо системасы иштелип чыккан. Өлкөбүздүн сугат жана кайрак айдоолорунда жогоруда аталган Агрофитоценоздун катышуусу менен которуштуруп эгүү түзүлөт. Баалуу көп фитомассаны топуракка калтырып, жерди семиртүү менен кийинки өсүмдүктүн түшүмүн жогорулатуучу Агрофитоценозго беде, эспарцет сыяктуу көп жылдык чанактуу чөп өсүмдүктөрү кирет. Алынган түшүм менен көп фитомасса кошо кетип, талаада аз гана аңыз калдыктары калып, жерди арыктатуучу агрофитоценозго кант жана тоют кызылчасы, пияз, сарымсак, турп, шалгам, сабиз кирет. Калган өсүмдүктөр топурактын күрдүүлүгүнө анча таасир этпейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1