Мазмунга өтүү

Адамдын денеси

Википедия — ачык энциклопедия
Бойго жеткен аялдын (солдо) жана эркектин (оңдо) денелери.

Адамдын денеси — адамдын, адам организминин физикалык түзүмү. Адам денеси ар кандай типтеги клеткалардан турат, алар органдарды түзгөн, алардын ортосундагы боштуктарды толтурган же аларды сыртынан каптаган ткандар түрүндө уюшулган. Чоң кишинин денеси болжол менен отуз триллион клеткадан турат. Клеткалар механикалык коргоогон, химиялык заттарды ташууну жеңилдетүүчү клетка аралык зат менен курчалган. Адам денеси баш, моюн, тулку бой, бут-колдорго бөлүнөт[1][2].

Адамдын денесинин түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын организми суутек, кычкылтек, көмүртек, кальций жана фосфор сыяктуу элементтерден турат. Бул элементтер денедеги триллиондогон клеткаларда жана клеткадан тышкары компоненттерде кездешет.

Чоң кишинин (эркектин) организминин болжол менен 60% суу түзөт, бул организмдеги суунун көлөмү 42 литрге барабар дегенди билдирет. Бул көлөмдүн ичинен 19 литрге жакыны клеткадан тышкары суюктук болуп саналат, анын курамына 3,2 литрдей кан плазмасы жана 8,4 литрдей ткандар аралык суюктук кирет. Ал эми 23 литрге жакыны клеткалардын ичиндеги суюктукка туура келет[3]. Клетканын ичиндеги жана сыртындагы суунун көлөмү так сакталып турат. Клеткадан тышкары суюктуктун негизги электролиттери натрий жана хлорид болуп саналса, клетканын ичинде бул милдетти калий жана башка фосфаттар аткарат[4].

Адамдын анатомиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Негизги макала: Адамдын анатомиясы

Адамдын организминде төмөнкү системалар ажыратып каралат:

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Susan Standring, ed. (2008). Gray's anatomy: the anatomical basis of clinical practice (40th ed.). London: Churchill Livingstone. ISBN 978-0-8089-2371-8.
  • Cole, Laurence A.; Kramer, Peter R. (2016). Human Physiology, Biochemistry and Basic Medicine. Amsterdam: Academic Press. ISBN 978-0-12-803699-0.
  1. Курманбекова Д.Д., Дороев А.А., Дыйканов К.А. АДАМДЫН АНАТОМИЯСЫ ЖАНА МОРФОЛОГИЯСЫ. Лабораториялык практикум
  2. Адам анатомиясы. Автор: Ы.А.Алдашукуров, М.А. Шайимкулова. Бөлүм: Медицина, Анатомия. Басылган жылы: Ош, 2015, - 256 б.
  3. Fluid Physiology.
  4. Boitano, Scott; Brooks, Heddwen L.; Barman, Susan M.; Barrett, Kim E. (2016). Ganong's Review of Medical Physiology. McGraw-Hill Education. ISBN 978-0-07-182510-8.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]