Адамдын конституциялык-укуктук статусу

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Адамдын конституциялык-укуктук статусуконституцияда кепилденген укуктардын жана эркиндиктердин, ошондой эле аныкталган милдеттердин жыйындысы. Заманбап демократиялык мамлекеттерде Адамдын конституциялык-укуктук статусунун негизги принциптери: ага таандык укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууда адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин ажырагыстыгы, укуктардын жана эркиндиктердин кепилдениши, тең укуктуулук, адамдын укуктарынын, эркиндиктеринин жана милдеттеринин бирдиги жана өзара байланыштуулугу.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]