Адамсит

Википедия дан

Адамсит, дигидрофенарсазинхлорид, HN(C6H4)2AsCI – кристалл түрүндөгү сары күкүм, эрүү t 195оC, кайноо t 410оC, сууда эрибейт, ароматтык жана көпчүлүк орг. бирикмелерде начар, ацетондо жакшы эрүүчү хим. турактуу, детонацияга, ысытууга чыдамдуу зат. А. дифениламин (C6H5)2NH мышьяк (III) хлориди AsCI3 же дифениламин хлоргидраты (C6H5)2 NH·HCI менен мышьяк ангидридинен As2O3 алынат:

(C6H2)NH+AsCI3A+2HCI

(C6H5)2NH·HCI+As2O3A+3H2O

А. дем алуу жолдорун дүүлүктүгүч заттарга кирет. Дүйнөлүк 1-согуш аягында ууландыргыч зат катары сунуш кылынган, бирок ишке ашырылбай калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]