Адам укуктарынын конституциялык гарантиялары

Википедия дан

Адам укуктарынын конституциялык гарантиялары - адамдын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун каражаты катары конституцияда белгиленген процессуалдык укуктардын жыйындысы. Буларга укуктарды жана эркиндиктерди сот аркылуу коргоо мүмкүнчүлүктөрү; мамлекеттик органдардын же алардын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен же аракетсиздигинен келтирилген зыянды мамлекеттин эсебинен өндүрүп алуу укуктуулугу, эгер коргоонун мамлекеттик ички каражаттары бүт колдонулса, бирок натыйжасыз болсо, адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча эл аралык органдарга кайрылуу мүмкүнчүлүктөрү; көз карандысыз жана бейтарап калыс сот, ошондой эле адам укуктарын коргоо Конституцияда каралган мыйзам менен белгиленген Омбудсмен - Акыйкатчы; адам укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө жол берген негиздерди жана чектерди белгилеген эрежелер кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1