Адвентика органдары

Википедия дан

Адвентика органдары (лат. adventicius келгин, адаттан тышкары) - өсүмдүктүн калыптанып бүткөн бөлүктөрүнүн адаттан тышкары жеринде, экинчи түзүүчү ткандардан пайда болгон көмөкчү органдар (бүчүрлөр, тамырлар). Мисалы, адвентивдик бүчүрлөр адаттагыдай сабактын учуна же муунуна - жалбырак колтугуна чыкпастан, сабактын муун аралыгында, жалбыракта жана тамырда пайда болот; ал эми адвентивдик тамырлар сабактан, жалбырактан өсүп чыгат. Алар өсүмдүк шагын, тамыр системасын байытат, кээде негизги тамырларга тете болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1