Жактоо сыры

Википедия дан
Адвокаттык сыр‎»‎ барагынан багытталды)

Жактоо сырыжактоочунун өзү жактап жаткан кардарлар менен жашыруун сырдашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кыла турган кесиптик, кызматтык сырдын бир түрү. Жактоочунун жардамын сурап кайрылган тараптын маселерине байланыштуу берген кеп-кеңештери, нускалары, түшүндүрмөлөрү жактоо сырына жатат.

Жактоо сырды сактоо — жактоочунун милдети. Жактоочунун ишине ар кандай түрдө башка жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын, уюмдардын кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Жактоочулук же өкүлчүлүк милдетин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон жагдайлар боюнча жактоочу күбө катары суракка алынбайт. Жарандык, административдик жана кылмыш-жаза процесстеринде жактоо сырынын негизин түзгөн маалыматтарды далил катары колдонууга болбойт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7