Адиев Мамытай

Википедия дан

Адиев Мамытай 1924-жылы Сузак районунун Кедей-Арык айылында туулган.

  • 1935-жылы Кедей-Арык башталгыч мектебин, 7-классты Абдукаимов мектебинен бүтүрөт.
  • 1942-жылы Ата-Мекенди коргоо үчүн сентябрь айында согушка кеткен.
  • Ленинград фронтунда, артилериялык полкто кызмат кылып, 1944-1945-жылдары Дон, Любан, Новгород шаарларын, Эстония, Польшаны бошотууга, Рейстахтын үстүнө туу сайуу үчүн болгон согушка катышкан.
  • “Ленинградты коргоо үчүн” медалы менен сыйланган.
  • 1947-1953-жылдары “Жаңы-Кайрат” колхозунун башкармасынын орун басары, Октябрь районунда инструктор, колхоздун башкармасы, андан кийинки жылдары “Ленин” колхозунун партиялык уюмунун секретары, бригадир болуп эмгектенген.
  • 1978-жылы 3-даражадагы “Эмгек даңкы” ордени менен сыйланат.
  • “Кызыл-Жылдыз” ордени жана көптөгөн медалдардын ээси.
  • 1989-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3