Адипин кислотасы

Википедия дан

Адипин кислотасы (1,4 - бутандикарбон), СООН- (СН2)4-СООН - эки негиздүү карбон к-тасы. Мол. масс. 146,14; түссүз, балкып эрүү t 149-150оС, кайноо t 216-265оС болгон кристаллдык зат. Сууда начар, спиртте жакшы эрийт. Өнөр жайларда ар кандай ыкмалар менен, мис., циклогексанолду катализатор катышуусунда суюлтулган азот к-тасы же абадагы кычкылтек менен окистендирүүдө алынат:

Тетрогидрофуран же бутандиол – 1,4, жана А. к-нын динитрилин гидролиздөө менен да алууга болот. Карбон к-таларына мүнөздүү болгон реакцияларга кирип, туз, эфир, амид жана башка туундуларын берет. Са туздарын ысытканда циклопентанонду пайда кылат. Эфирлери пластификатор жана майлоочу май катары колдонулат. Этиладипинат этилдешкен бензин о. с-н жогорулатууда, колдонулат. Өнөр жайларда А. к-нын гексаметилендиамин менен конденсацияланышынан найлон алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]