Адистик боюнча окуу методикалык топтом (комплекс)
| Параметр text не задан |
Адистик боюнча окуу методикалык топтом (комплекс) – мугалимдин предмет боюнча адистик теориялык билимин, усулдук чеберчилигин жана предметтин мазмунунун негизинде тарбиялык иштерди жүргүзүү деңгээлин жогорулатууга багыт берүү максатында түзүлүүчү окуу адабияты.
Булардын биринчи тобуна:
- мугалимдин өзү сабак берген илимдин тигил же бул проблемалары боюнча теориялык даярдык деңгээлин көрсөтүүчү илимий теориялар, закондор, концепциялар, гипотезалар, методдор боюнча түшүнүктөр камтылуучу адабияттар;
Экинчи тобуна:
- кайсы бир окуу предмети боюнча билим берүүнүн жалпы проблемаларын жана анын мазмунун, окутуу методдорун, принциптерин, класстык жана класстан тышкаркы окууларды уюштуруу формаларын, жолдорун камтыган адабияттар кирет. Алардын максаты – мугалимдин сабак берүү чеберчилигинин деңгээлин көтөрүү.
Үчүнчү топко:
- айрым алынган предметтер боюнча программалык материалдарды окутуу боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган, жалпы проблемаларды конкреттүү темалардын, сабактардын негизинде чечүүнүн методикалык жол-жоболору боюнча мугалимди куралдандыруу максатын көздөгөн окуу адабияттары кирет.
Окуу топтомунун төртүнчү тобу:
- кайсы бир предмет боюнча окуучулардын жалпы таанып-билүү жана таалим-тарбия берүү проблемаларына, идеялык, патриоттук, интернационалдык, эстетикалык, экономикалык, экологиялык ж.б. арналат.
Бешинчи тобу:
- сабактан тышкаркы лабораториялык-изилдөө иштерин, факультативдерди, окуу экскурсияларын уюштурууга арналат.
Алтынчы тобуна:
- окуу хрестоматиялары, маалымат бергичтер, сөздүктөр, таблицалар, көнүгүүлөр топтомдору, маселелер жана текшерүү иштеринин, баяндама жана дилбаяндардын, тексттердин жыйнактары усулдук топтомдору кирет.
Ал эми аларды түрлөрүнө жараша: методикалык куралдар, дидактикалык материалдар, маалымат бергичтер, көрсөтмө куралдар, таратып берүүчү материалдар, алдыңкы тажрыйбалардын топтомдору, сөздүктөр ж.б. деп бөлсө болот.
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]"Кыргыз педагогикасы: энциклопедиялык окуу куралы". Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор Ү.Асанов, жооптуу редактор И.Бекбоев. Бишкек - 2004. УДК 37.0 ББК 74.00я2 К 97