Административдик камкорчулук (көзөмөлгө алуу)

Википедия дан

Административдик камкорчулук (көзөмөлгө алуу) – биркатар чет өлкөлөрдүн конституциялык укугунда борбордук өкмөттүн жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишине көзөмөл жүргүзүүсүнүн бир түрү. Өкмөт тарабынан дайындалган адам (префект, губернатор ж. б.) жүзөгө ашырат. А. к-ту жүзөгө ашыруучу адам жергиликтүү өзалдынча башкаруунун мыйзамсыз актыларын жокко чыгарууга, анын органдарынын кандайдыр бир аракеттерине тыюу салууга, болбосо, сөзсүз аткарылуучу көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.

== Колдонулган адабияттар ==