Административдик укук

Википедия дан

Административдик укукмамлекеттик башкаруу органдарын уюштурууда жана алардын аткаруу иш-аракеттерин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укук тармагы[1].

Административдик укук ченемдери аткаруу тескөө иш-аракетин жүргүзүүчү мамлекеттик органдарды уюштуруу эрежелерин; ушул органдардын жана аларда иштегендердин, ошондой эле жарандардын, мамлекеттик уюмдарда жана мекемелерде иштегендердин мамлекеттик башкаруу жаатындагы укуктарын жана милдеттерин аныктайт. Бул ченемдерде көрсөтүлгөн эрежелер милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш жана мамлекет тарабынан тарбия, уюштуруу, мажбурлоо чаралары аркылуу камсыз кылынат.

Административдик укук мамилелерин пайда кылуучу укуктук фактылар: мыйзамдын же башка ченемдик актынын чыгышы, адамдардын аракеттери, табигый кырсык. Административдик укук объектиси болуп көбүнчө адамдардын иш-аракети, алардын жүрүм-туруму саналат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов. Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б.