Администрациялык-аймактык бөлүнүш

Wikipedia дан

Администрациялык-аймактык бөлүнүш, аймактык - башкаруу бирдиги - мамлекеттердин аймактарын бөлүктөргө - облустарга, провинцияларга, губернияларга, департаменттерге жана башка ажыратуу; мамлекеттик механизмди, айрыкча мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу максатында уюштурулат. Ал мыйзам тарабынан жөнгө салынып, эң маанилүү жактары конституцияда бекитилет. Администрациялык-аймактык бөлүнүштү түзүүдө экономикалык жана географиялык факторлор, социалдык, коммуникациялык, маданий жана тарыхый салттар, ошондой эле этностук фактор да эске алынат. Мисалы, Финляндияда финн жана швед тилдеринде сүйлөгөн калктар жашаган губернияларда мүмкүн болушунча бир тилдүүлүк принциби сакталган. Администрациялык-аймактык бөлүнүштөр бир звенолуу (Андорра, Лихтенштейн общиналары), эки звенолуу (Нидерландия провинциялары жана муниципалитеттери), үч звенолуу (Испаниянын автономиялык жамаатташтыгы жана муниципалитеттери), төрт звенолуу (Италия облусу, метрополитен шаарлары, провпнцпялары жана коммуналары) системаларга ажырайт. Чакан өлкөдө бир гана администрациялык-аймактык бөлүнүш болушу мүмкүн (мисалы, Монако княздыгы). Айрым өлкөлөрдө (Армения, Австрия, Болгария) администрациялык-аймактык бөлүнүштөрүнүн бардыгында эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары түзүлө бербейт. Мисалы, Болгарияда община - негизги административдик-аймактык бирдик, анда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ишке ашырылат; ал эми облус - региондук саясатты жүргүзүүчү, жер-жерлерде мамлекеттик башкарууну ишке ашыруучу, улуттук жана жергиликтүү кызыкчылыктарды эске алып, тең салмактуулукту сактоочу административдик-аймактык бирдик болуп саналат. Россияда административдик-аймактык түзүлүшү РФнын субъектилеринин мыйзамдары боюнча жөнгө салынып, административдик-аймактык бирдиктери түрдүүчө аталат: край шаарлары, райондор, райондук шаарлар, шаар райондору, айыл советтерп (бир нече айыл-кыштакты камтыйт), посёлоктор (жумушчу, курорт, дача посёлоктору). Кыргызстан төмөнкү административдик-аймактык бирдиктерге бөлүнөт: облус, район, айыл өкмөтү, шаар (шаар району кошо), шаарча жана айыл-кыштак. Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык өзгөрүүлөрдү киргизүү маселеспн Жогорку Кеңеш чечип, республикасынын президенти Указ чыгарат. Административдик-аймактык бирдиктердин чегараларын аныктоодо калктын пикирпи эске алынат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1