Администрациялык укук бузуулар

Wikipedia дан

Администрациялык укук бузуулар - КРнын мыйзамдары менен административдик жоопкерчилик белгиленген аракеттердин же аракетсиздиктин жеке адам же юридикалык жак тарабынан укукка каршы атайылап жасалган күнөөлүү аракеттер же аракетсиздиктер (атайылап же байкабастыктан). Администрациялык укук бузууларга мисалы, коомдук тартипти, жолдо жүрүүнүн, санитариялык, өрткө каршы, бажы, салык эрежелерин, электр же жылуулук энергиясын ысырап пайдалануу, жер мыйзамдарын, тарых жана маданият эстеликтерин коргоонун, пайдалануунун эрежелерин бузуу жана башкалар кирет. Администрациялык укук бузууларды атайылап жасаганга аны бузган жак өзүнүн аракетинин же аракетсиздигинин укукка каршы экендигин, зыяндуу залал болорун билип туруп ишке ашыруусу же ага жол берүүсү кирет. Эгерде административдик укуктарды бузган жак өз аракетинин же аракетсиздигинин аркасында зыяндуу болорун билип туруп, бирок жеңил ойлуулук менен аны болтурбаймын деп ойлосо же мындай залалдын болорун билбей калып жасаса, анда администрациялык укук бузуулар байкабастыктан жасалган деп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1