Мазмунга өтүү

Аднан Мендерес

Википедия — ачык энциклопедия
Али Аднан Эртекин Мендерес
түрк. Ali Adnan Ertekin Menderes
Али Аднан Эртекин Мендерес
Желек
Желек
Түркиянын премьер-министри
22-май 1950-жыл  27-май 1960-жыл
Президент: Махмуд Жалал Баяр
Андан мурунку: Мехмет Шемсеттин Гүналтай
Андан кийинки: Жемал Гүрсел
Желек
Желек
Түркиянын тышкы иштер министри
15-апрель 1955-жыл  27-июль 1955-жыл
Андан мурунку: Мехмет Фуат Көпрүлү
Андан кийинки: Фатин Рүштү Зорлу
 
Дини: ислам
Туулган жылы: 1899 жыл(1899)
Туулган жери: Айдын, Осмон империясы
Каза болгон жылы: 17 -сентябрь 1961(1961-09-17)
Каза болгон жери: Имралы, Туркия
Мүрзөсүнүн орду: Аднан Мендерес күмбөзү
Жубайы: Беррин Мендерес
Балдары: Йүксел Мендерес
Мутлу Мендерес
Айдын Мендерес
Партиясы: Либералдык-Республикалык партия
Республикалык элдик партия
Демократиялык партия
Билими: Анкара университетинин юридикалык факультети
Америка коллегиялык институту
Кесиби: юрист
 
Автограф: Кол тамгасы
 
Сыйлыктары:

Италия Республикасына эмгек сиңиргендиги үчүн ордени Мамлекетти түзүүдөгү сиңирген эмгеги үчүн" ордени Католик Изабелла ордени Күн чыгышынын ордени Германия Федеративдик Республикасына эмгек сиңиргендиги үчүн ордени

Али Аднан Эртекин Мендерес (түрк. Ali Adnan Ertekin Menderes}; 1899 — 1961-жыл 17-сентябрь) — 1950-1960-жылдары Түркиянын премьер-министри болуп кызмат кылган түркиялык саясатчы. Ал 1946-жылы Түркиянын төртүнчү мыйзамдуу оппозициялык партиясы болгон Демократиялык партиянын (ДП) негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. 1960-жылдагы аскердик төңкөрүштөн кийин аскердик хунта тарабынан соттолуп, кабинеттин башка эки мүчөсү — Фатин Рүштү Зорлу жана Хасан Полаткан менен бирге дарга асылган. Анын тушунда Түркия Корей согушуна катышып, 1952-жылы НАТОго мүчө болгон.Ал аскердик төңкөрүштөн кийин өлүм жазасына тартылган акыркы түрк саясий лидери. Ошондой эле ал Түрк Республикасынын Кемел Ататүрк, Сүлейман Демирел жана Тургут Өзал менен бирге күмбөз (мавзолей) менен сыйланган төрт саясий лидеринин бири.[1]

Жаш кези жана карьерасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аднан Мендерес 1899-жылы Айдын провинциясынын Кочарлы районунда, теги Крым татары болгон бай жер ээсинин үй-бүлөсүндө туулган. Башталгыч мектептен кийин Мендерес Измирдеги Америка колледжинде окуган. Ал Түркиянын көз карандысыздык согушу учурунда баскынчы грек армиясына каршы согушуп, "Эгемендүүлүк" медалы менен сыйланган. Анкара университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 1930-жылы Мендерес Айдында кыска мөөнөттүү Либералдык республикалык партиянын бөлүмүн уюштурган. Партия таркатылгандан кийин, ал Ататүрктүн өзүнүн чакыруусу менен башкаруучу Элдик республикалык партиясына (CHP) кошулуп, 1931-жылы Айдындан депутат болуп шайланган. 1945-жылы ал Исмет Инөнүнүн улутташтыруу саясатына каршы чыккандыгы үчүн партиядан чыгарылган. 1946-жылдын 7-январында Мендерес, Желал Баяр, Фуат Көпрүлү жана Рефик Коралтан менен бирге Демократиялык партияны (DP) негиздешкен.

Премьер-министрлик (1950-1960)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аднан Мендерес, 1930-жылдар

1950-жылдын 14-майында Түркиянын тарыхындагы биринчи эркин шайлоодо ДП 52% добуш менен жеңишке жетип, Мендерес премьер-министр болгон. Ал кийинчерээк 1954 жана 1957-жылдардагы шайлоолордо да жеңишке жетишкен. Анын премьер-министрлик кылган 10 жылынын ичинде Түрк экономикасы жылына орточо 9% темп менен өскөн. Ал Батыш блогу менен аскердик альянсты колдоп, анын тушунда Түркия Корей согушуна катышкан жана 1952-жылы НАТОго кабыл алынган. Маршалл планы аркылуу АКШнын экономикалык колдоосу менен айыл чарбасы механикалаштырылып, транспорт, энергетика, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактары өнүккөн. Бирок, кээ бир тарыхый изилдөөлөр 1950-жылдардын ортосунда Түркия олуттуу экономикалык төмөндөөнү баштан кечиргенин, анын ичинде 1954-жылы киши башына ИДПнын болжол менен 11%га азайганын белгилешет.

Эскертмелер жана шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]