Адышева Тенти

Википедия дан
Тенти Адышева
Туулган жылы:

1920-жыл

Туулган жери:

Күн-Чыгыш айылы,
Тоң району, Кыргызстан, СССР

Каза болгон жылы:

1984-жыл

Каза болгон жери:

Бишкек, Кыргыз Республикасы

Жарандыгы:

Кыргызстан

Сыйлыктары:
Мааракелик медаль «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына арналган эмгектеги каармандыгы үчүн»
Мааракелик медаль «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына арналган эмгектеги каармандыгы үчүн»

Адышева Тенти кыргыздын кыраан кызы болгон 1920-жылы Тоң районуда дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган. Чыгармаларында акын Ата Мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырат. Патриархалдык коом шартында кыргыз аялдары нечен кылымдар бою эзилген абалда өмүр өткөрүп келишкен. Алардын эркиндикке чыгып, тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна Октябрь революциясы жол ачкан.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айылдык мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы Фрунзедеги медициналык техникумдан атайын келген кишиден окуй баштайт. Окуунун отличниги катары комсомулдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага барат.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Техникумду бүткөндөн кийин 1938-жылы ЛКСМ БКнын секретардыгына дайындалат. Андан бир нече жылдан кийин Фрунзе шаардык Биринчи май райондук Аткаруу комитетинин Председатели, "Кыргызстан аялдары" журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз Мамлекеттик университетинин тил, адабият факультетин сырттан окуп бүтүрөт.
1956-1979-жылдарда автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл Союздук агентствосунун кыргыз бөлүмүнө жетекчилик кылып, ошондон пенсияга чыгат.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Акын" деген алгачкы ыры (1947), "Заманам", "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм", "Тандамалар" аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал. Ошондой эле "Жаңылдын элеси", "Өмүр жолу", "Жүрөктөгү так" сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. "Кеткендердин айылында", "Адам кызык", "Токто десем", "Ойнобо", "Алтымыштан ашкандарга", "Ысык-Көл", "Көк жайык", "Сары-Челек", "Эне-жер" аттуу ажайып чыгармалары жарыяланган. Төлөгөн Адышева
"Мирлан" деген поэмасын жазган.


Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Т.Адышева "Ардак белгиси" ордени "Эмгектеги каармандыгы үчүн", "В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100-жылдыгынын урматына" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамоталары менен сыйланган. Ошону менен Т.Адышевага "Кыргыз ССРинин эл акыны" деген ардактуу наам ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004