Ажар (повесть)

Википедия дан
Ажар
Жазуучу Касымалы Баялы уулу
Өлкөсү  Кыргызстан
Тили кыргыз
Басмакана Кыргызстан Мемлекет Басмасы
Чыккан жылы 1928
Мурункусу Түлкү менен суур жана чабалекей менен жылан (1927)
Кийинкиси Мурат (1929)

Ажар – кыргыз адабиятындагы туңгуч повесттердин бири. 1928-ж. жарык көргөн. Баялы уулу Касымалыдын повести.

1916 жылы Үркүндө Кытай жергесине качууга мажбур болгон кыргыз элинин тагдырын башкы каарман - Ажардын тагдыры аркылуу чагылдырат[1].

Повесттин башкы каарманы - Ажар аттуу жөнөкөй кыргыз кызы. Касымалы Баялиновдун бул чыгармасын өткөн кылымдын 20-жылдарында татар, казак, өзбек адабияттарында жана алардын таасири астында жаңыдан калыптана баштаган кыргыз жазма адабиятында негизги темалардын бири болгон кыз-келиндердин эзилген турмушу жөнүндөгү чыгармалардын катарына кошууга болот. Бирок композициялык курулушунун өзгөчөлүгү чыгарманын башкы темасы тууралуу ачакей пикир жаралышына негиз берет. Анткени чыгармада башкы каармандын тагдырына тикелей тиешеси жок эпизоддор бир топ орун ээлеп, аларда 1916-жылдагы Үркүндүн кейиштүү сүрөтү тартылат. Бул окуялардын трагизми баш каармандын тагдырынын трагизминен кем калбайт. Үчүнчү бөлүктүн ортосунан, энеси Батма ооруга чалдыккандан кийин гана окуялар Ажардын айланасында жүрө баштайт[2].

Повесттин финалында Ажар карышкырларга таланып өлөт. Кыргыз жазма адабияты жаңыдан түзүлө баштаган мезгилге таандык бул чыгармада көркөм стиль, сюжет куруу жана образдарды шөкөттөө жагынан орчундуу өксүктөр орун алган[3]. Ошого карабастан повесть окурмандардын сезимине таасир берүүчү күчтүү кудуретке эгедер. Бул касиет ошол учурда кыргыз эли дуушар болгон эбегейсиз трагедиялуу окуялары көрсөтүлгөндүгү, нукура турмуштан алынган каармандардын сезимдери жөнөкөй жана жасалмасыз баяндалып берилгендиги менен түшүндүрүлөт. Ушундай касиеттеринин аркасында Касымалы Баялиновдун “Ажар” повести кыйла узак убактан бери улуттук адабияттагы маанилүү ордун жоготпой келүүдө жана ал азаттык талашкан кыздардын бири.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ажар (Викибулакта)
  • Acar (Викибулакта) - (Латын тамгалары менен)
  • Ажар Аудио Китеп

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Karkınlı, Reyhan (2017). "Kasımalı Bayalinov‟un “Acar” Adlı Uzun Hikâyesinde Halk Kültürü.". Uluslararası Türkçe Edebiyat Kültür Eğitim Dergisi 2 (6): 1028-1042. https://dergipark.org.tr/en/download/article-file/323407. 
  2. Duman, Gül Banu (2023). "Reflections of the Urkun Incident in Kyrgyz Prose". International Academic Research & Reviews in Educational Sciences 1 (PDF). p. 125-144. 
  3. Ашлар, Халит (2022). "Творческий путь Касымалы Баялинова и художественный анализ его повести «Ажар»". Вопросы истории 2 (2): 135-139.