Абийба Ажыбаева

Википедия дан
Ажыбаева Абийба‎»‎ барагынан багытталды)

Ажыбаева Абийба (1922-ж. т., Кызылөзгөрүш айылы) - коомдук ишмер.

Ош мамлекеттик педагогикалык институн (1968), Фрунзе (Бишкек) шаарындагы республикалык партиялык Жогорку мектепти (1952) бүтүргөн. Эмгек жолун М. Горький атындагы мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1952-56-ж. Үчтерек райондук аялдар бөлүмүнүн башчысы, 1956-58-ж. Токтогул райондук партия комитетинин аппаратында кызматкер, 195860-ж. Жаңыжол районунда партиялык кызматтарда, 1961-77-ж. В. Чапаев, Саргата орто мектептеринин директору болуп иштеген. Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5