Ажыбай уулу Акы

Википедия дан

Ажыбай уулу Акы (туулган, өлгөн жылы белгисиз) Жыгач уста. Азыркы Жумгал районундагы Эмел деген жерде туулган.

Он төрт жашында жетим калып, энеси Зулайканын төркүнү Ак Талаанын базыстарына келишет. Андан Акы апасы менен Кашкар бетине оойт. Арадан он беш жылча өтөт. Акы көзгө атар мерген, жыгач уста аталат. Ал Жийде дегенге үйлөнөт. Андан атактуу Калык ырчы төрөлөт. Акы турмуштун айынан жөө-жаландап байтеше, чот, эмеректерин көтөрүп Тогуз-Торо, Кетмен-Төбө, Үч-Теректи артат. Чоюбек, Мырзабек, Түркмөн сыяктуу Жумгалдык бай-манаптардын жүз бащ ак өргөөлөрүн Акы адам суктанарлык кылып кармаганы калың элдин дүңүндө турган. Калык «Атабыз Акы жыгач уста: кыргыздын боз үйүнүн кереге, уугун, түндүгүн, босого таягын жасайт. Мергендиги да хыйла, жалаң кийиктин эти менен бир айылды канааттандырган учуру болот»,- деп эскерет («Калык», Тандалган чыгармалары. - Фр.: «Кыргызстан», 1972-ж., 304-6.). Ал эми ушул эле китептин «Эшмамбет менен беттешүү» деген бөлүмүндө Эшмамбет ырчы бала ырчы Капыкка: «Сенин атаң Акы уста, Асылган көңдөй терекке. Алкак ийип арчадан, Түп кынаган челекке. Ак кайыштай чоюлтуп, Карскан ийген элекке. Келиштирип кайыңдан, Кереге матап үй кылган. Кашык, чөмүч артынып, Сенин атаң Акы уста, Катындарга сый кылган»,- деп ырдаганы бар (348-49-6.).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0