Ажырашуу

Википедия дан

Ажырашууникени бузуп, башын бошотуу. Кыргыз коомунда өткөн доорлордо ажырашууга эркек гана демилгечи боло алган. Аялдар ага укуксуз болгон, айрым учурларда гана аялдар демилгеси менен ажырашуу ишке ашкан. Ага калыңды кайтарып берүүнүн милдеттүүлүгү да тоскоолдук кылган. Ажырашууну адат боюнча бийлер соту ишке ашырган. Тарыхый маалыматтар боюнча эки куда учтары- нан кармап турган чырпыкты кыя чабуу ажырашууну «каттаган» акты болгон. Кыргыз коомунда ислам дини үстөмдүк кылып, үй-бүлө мамилелери шариат боюнча жөнгө салына баштагандан тартып, ажырашуу эркектин «талак» айтуусу менен ишке ашырыла баштайт. Аял менен толук ажырашуу үчүн үч жолу «талак» айтуу жетиштүү болгон. Кайрадан баш кошуу аялды кемсинткен абалда ишке ашырылган. Ал үчүн күйөөсү башка аялга үйлөнүп кайра ажырашуусу же аялга башка күйөөгө чыгып кайра ажырашуусу зарыл болгон