Ажыраш аяк. Өрүлүктөо

Википедия дан

Кыйла мезгил чогуу жашаган кошуналардын, бирге иштеген кызматташтардын бири орун которуп башка жакка кетээринде коштошуу иретинде сый тамак берип, алар менен жакшы маанайда жүргөнүн, ыраазычылыгын билдирип, ар дайым эстеп жүрөөрүн айтып, кетирген катачылыктары болсо кечирүүнү өтүнүп бата сурайт. Кезегинде ал жерде калгандар дагы "биздин жаман жагыбызды жашырып, жакшы жагыбызды ашырып айта жүр" таризинде кеп козгошуп, барган жеринде конушу жайлуу болушун тилек кылып бата беришет. Ак ниеттен узатышат. Бул алардын келечекте байланыштарын үзбөй катташып турууларына өбөлгө түзөт.
Ал эми жаңы барган жериндеги кошуна-колоӊу дароо колунда болгон тамак-ашын алып өрүлүктөп келет. Анткени жүгүн түшүрүп, жыйналып дегендей иштер менен алаксып жүрүп, жаңы конушка келген адам ачка болот. Ошондуктан өрүлүктөө - кошунасын даам менен тосуп алышы анын келгенине ак ниетин билдиргени, курсактарын ачырбай урмат- сый көрсөткөн адамгерчилиги. Жаңы кошуна жаңы конушуна жайлангандан кийин алына жараша өрүлүктөп келген кошуналарын чакырып жакындан таанышат, ошентип кошуналардын ынтымактуу болууларына, бир туугандай катышуусуна жол ачылат.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.