Азавад
| ||
| Өлкө | ||
|---|---|---|
| Административдик борбор | ||
| Ири шаары | ||
| Президент | ||
| Расмий тили | ||
| Тууралыгы | ||
| Узундук | ||
| Убакыт аралыгы | ||
Азавад (же Азауад; туарег ⴰⵣⴰⵓⴷ[1], ар. أزواد, Azawād) — Батыш Африкадагы Малинин түндүк аймагындагы туарег элинин тарыхый жери катары белгилүү аймак. Бул аймак Малинин Гао, Кидал, Тимбукту аймактарын, ошондой эле Менаканын жана Моптинин бир бөлүгүн камтыйт. 2012-жылы туарег козголоңчулары тарабынан көз карандысыз мамлекет катары жарыяланган, бирок эл аралык коомчулук тарабынан таанылган эмес. Азаваддын аянты болжол менен 822,000 км² түзөт жана калкынын саны 1,5-2 миллионго жакын[2][3].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азавад аймагы байыркы убактан бери туарегдердин (бербер элинин бир бөлүгү) мекени болгон. Тимбукту шаары орто кылымдарда Сонгай империясынын жана Мали империясынын маанилүү соода борбору катары белгилүү болгон. Туарегдер көчмөндүк жашоо образын сакташкан жана Сахаранын аймагы аркылуу өткөн соода жолдорунун биринде жайгашкандыгына байланыштуу соода-сатык менен да алек болушкан[4].
XIX кылымдын аягында Франция аймакты басып алган жана ал Француз Суданынын (азыркы Мали) бир бөлүгү болуп калган. Туарегдер колонизаторлорго каршылык көрсөтүшкөн, бирок 1916-жылдагы козголоң басылган[3].
1960-жылы Мали көз карандысыздык алгандан болгондон кийин, туарегдерге борбордук бийлик көңүл бурбай жана массалык түрдө тугаректерди маргиналдаштыруу процесстери болуп турган. Өкмөттүн борборлоштурулган саясаты экономикалык жатан да түндүккө көңүл бурбай, натыйжасында бул аймактын экономикалык өнүгүүсү артта калган[5][6].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Азавад түндүктөн Алжир, чыгыштан Нигер, батыштан Мавритания жана түштүктөн Малинин борбордук аймактары менен чектешет. Аймактын географиялык координаталары болжол менен 15° - 24° түндүк кеңдиктери жана 5° - 5° чыгыш узундуктарынын аралыгында. Азавад Сахара чөлү менен саваннанын ортосундагы өткөөл Сахел деп аталган аймакта жайгашкан[7].
Азаваддын рельефи негизинен түздүктөрдөн жана кумдуу дөңсөөлөрдөн турат, Сахаранын чөлдүү жана жарым чөлдүү аймактары менен мүнөздөлөт. Түштүк бөлүгүндө Нигер дарыясынын өрөөнү жайгашкан, ал айыл чарбасына ылайыктуу түшүмдүү жерлерди түзөт. Аймактагы эң бийик жери Кидал аймагында жайгашкан жана 890 метр бийиктикке жеткен Адер Дуччи (Adrar des Ifoghas) тоолору[8].
Климаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азаваддын климаты ысык жана кургак, Сахаранын чөлдүү жана Сахелдин жарым чөлдүү климаттары менен мүнөздөлөт. Жылдык жаан-чачындын көлөмү 150-500 мм, негизинен июнь-сентябрь айларында жамгыр жаайт. Абанын температурасы күндүз +40°Cге чейин жетсе, түнкүсүн кээде +10°Cге чейин төмөндөйт. Кургакчыл мезгил - октябрдан майга чейин созулат. Нымдуу мезгил - кыска мөөнөттүү, бирок өзгөчө түштүк аймактарда кээде нөшөрлүү жаан-чачындар болуп турат[8].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Mouvement National de Liberation de l'Azawad. Mouvement National de Liberation de l'Azawad. Текшерилген күнү 14 -октябрь (тогуздун айы) 2025. Түп булактан архивделген күнү 14 Апрель 2013.
- ↑ Society for Cultural Anthropology. Azawad: A Problematic African Ethnic Territory
- 1 2 Catalyst. Broken Promises: The Foundation of the Azawad Independence Movement
- ↑ Catalyst. Azawad: A Problematic African Ethnic Territory
- ↑ GeoCurrents. The Ethnic Diversity of the Self-Declared State of Azawad
- ↑ The Movement For The Liberation Of Azawad
- ↑ Nationalia. Azawad
- 1 2 Map of Mali and Azawad
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Orphans of Sahara
- Расмий сайты Archived 2025-03-16 at the Wayback Machine