Азаттык Плюс

Википедия дан
Азаттык‎»‎ барагынан багытталды)

“Азаттык Плюс”Азаттык үналгысынын жаштар долбоору. Анын курамында күн сайын обого чыкчу радио уктуруу (бул үналгы берүү кийинчерээк токтотулду), жума сайын чыкчу теле берүү жана күн сайын жаңыланчу интернет баракча бар. "Азаттык Плюс" аталышын кыска мөөнөттүк ички сынактан соң "Азаттыктын" 2004-жылдагы сырт кабарчысы, драматург жана жазуучу Султан Раев сунуштаган.

Азаттык+ радио берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азаттык+ (Азаттык Плюс) радио берүүсү Азаттык үналгысынын эң алгачкы жаштар долбоору. (Тарыхка кайрылсак, бул аталыштагы берүүлөргө чейин атайын кыргыз жаштарына арналган апталык берүүлөр 2003-жылдан тартып обого чыгарыла баштаган).

Азаттык Плюс 2004-жылдын декабр айынан тарта күн сайын кечи саат 21:00до обого чыккан. Берүүнүн кайталоосу 21:30да жана кийинки күнү саат 19:00 жана 20:30да уктурулуп турган.

Долбоордун негиздөөчүсү жана берүүнүн алгачкы редактору – Венера Жуматаева. Координатор болуп Аида Касымалиева, андан кийин Султан Каназаров иштеп келишкен. 2007-жылы редакторлук жана координатордук кызматтар бириктирилип, бардык милдеттер Азаттык үналгысынын Бишкек бюросунун директорунун ошол кездеги орун басары Төрөкул Дооровго жүктөлгөн. Кийинчерээк бул радио берүү токтотулган.

Радио жалпы эле Азаттыктын негизги ишмердүүлүгү болгондуктан Азаттык+тун баардык долбоорлорунда иштегендер радиодо да иштечү: Төрөкул Дооров, Аида Касымалиева, Зейнеп Мартбек кызы, Каарманбек Кулуев, Жаннат Токтосунова, Эдил Сапарбек уулу, Элен Куленбекова, Мирлан Токталиев, Айгүл Жунушалиева, Акан Иманов, Элеонора Бейшембек кызы. Азаттык+та Султан Каназаров, Тынчтыкбек Кожобек, Улан Ыдырыстегин, Бермет Эгембердиева, Канат Субакожоевдер иштеп кеткен.

Азаттык+ сыналгы берүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2005-жылдын күзүнөн тарта "Азаттык" үналгысы жаштарга арналган атайын сыналгы долбоорду ишке киргизет. “Азаттык+” жаштар теле берүүсү дүйшөмбү сайын кечки саат 8:35те КТРден (УТРК) обого чыгып турду, бирок 2008-жылы октябрда ал кездеги бакиевдик режим тарабынан бир тароаптуу токтотулду. Бул берүү кайрадан КТРКда экинчи элдик ыңкылаптан (2010-жылдын 7-апрелинен) соң гана КТРКнын көгүлтүр экранында чыга баштады. (2008-жылдын октябрынан 2010-жылдын 13-мартына чейин "Манас жаңырыгы" деген чакан ТВ каналда, сателлит аркылуу жана башка жеке менчик чакан сыналгы компаниялары аркылуу обого чыгып турду).

Теледолбоордун продюсерленринин бири – Аида Касымалиева болду. Алып баруучулардын арасында – Жаннат Токтосунова, Эдил Сапарбек уулу, Элен Куленбекова, Мирлан Токталиев, ж.б. болду.

Азыркы тапта анын ТВ продюсери - Өмүрбек Сатаев. Алып баруучулары Айгерим Акылбекова жана Токтосун Шамбетов. Азаттык+тун баштапкы версиясында анын эки гана алып баруучусу болгон – Аида Касымалиева жана Султан Каназаров болгон. Азаттык Плюстун мурдагы кабарчысы Жанар Акаев азыркы тапта Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты (2015-жылдын октябрынан). 2014-жылга чейин Элиза Кененбаева жана Али Токтакунов алып баруучулары болушкан.

Азаттык+ интернет баракчасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылдан тарта "Азаттыктын" негизги интернет-баракчасына удаалаш жаштар берүүсүнүн атайын баракчасы да ачылды.

Бул баракча Facebook байланыш түйүнү аркылуу түзүлүп, катталган күйөрмандарыга өзгөчө мүмкүнчүлүктөрдү берет. Бул баракчада Азаттык+тун радио берүүсү да, теле берүүсү да, атайын интернет үчүн даярдалган кызык маалыматтар жайгашкан.

"Азаттыктын" жаштарга арналган жалпы интернет басылмаларын Зейнеп Мартбек кызы көзөмөлдөйт. www.azattkplus.kg(жеткиликсиз шилтеме) баракчасынын түзүү жана өнүктүрүү иштерин оболу Каарманбек Кулуев, андан кийин башка бишкектик жаш кабарчылар жүргүзгөн.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]