Аза (аза күтүү)

Википедия дан

Аза(аза күтүү) - жакыны өлсө, туугандарынын аны жоктоп, белгилүү убакытка чейин кайгыруу жөрөлгөсү. Эгер күйөөсү көз жумса, жесири үч маал кошок кошуп, жылына чейин кара кийинип жүрөт. Аза күтүү дүйнөдөгү дээрлик бардык элдердин салтын- да бар. Маркумду жоктоп үчүлүгү, кырк ашына чейин жуманын бейшемби күнү сайын эскерилип, анын рухуна, арбагына арналып куран түшүрүлүп турат. Кырк ашы өткөндөн соң, маркумдун көз жумганына бир жыл толгондо жыл ашы өткөрүлөт. Жалал-Абад облусунда, өзгөчө Көкарт аймагында маркумду көзү өткөндөн соң жыл ашын белгилешет. Мүмкүнчүлүгүнө жараша маркумдун балдары, бир туугандары 5, 10, 20, 30, 40 жыл өткөндөн соң алыскы, жакынкы тууган-уруктарды ашка чакырып, катмы окулуп, маркумдун, көзү өткөн жакын туугандарынын арбагына куран түшүрүлөт. Маркумдун урматына улак тартыш, эңиш, байге ж.б. улуттук оюндун түрлөрү уюштурулат. Меймандар конок үйлөрүнө бөлүнүп, сый-урмат көрсөтүлөт. 20-к. баш чендерине чейин, эгерде белгилүү киши көз жумса аза күтүүнүн расмиси катары жыл маалына чейин боз үйдүн түндүгүнөн туу чыгарып коюшкан. Туунун түсү өлгөн адамдын жашына карата ак, кызыл же кара болот. Исламга чейин, эрте орто кылым доорлорундагы кыргыздар маркумдун сөөгүн боз үйдү тогуз жолу тегеретип, андан соң сый-урмат менен сөөгүн өрттөшкөн. Бир жыл өткөндөн соң, анын өрттөлгөн сөөгүн сый-урмат менен жерге жашырышкан. Ушуну менен аза күтүү аяктап, элге тамак берилип, салтанаттар (байге, эңиш, ас- кер оюндары ж.б.) уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]