Азезил

Википедия дан

Азезил (ар. - азгыруучу, арбоочу) - диний түшүнүк боюнча адамдарды Алланын ак жолунан тайдырып, күнөөгө батыруучу периштенин бир аты. Курандан кийин тараган айтымдарда Ибилистин көктөн (асмандан) куулуш тарыхы ар түрдүү баяндалат. Кайбирөөндө анын аты Азезил же ал-Харис экендиги, жерге перилердин жаңжалын басуу үчүн жиберилгендиги айтылат. Бирок жеңишине шыктанган азезил өзүн ааламдын буйрукчусу катары сезип, Алланын бийлигине багынбай кеткен. Куранда кээ бир адамдардын чындыкка ишенбей арамдыкка барганын периште атын жамынган азезлдин иши деп түшүндүрөт.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1