Азербайжандын туусу
| Азербайжан | |
| Бекитилген |
9-ноябрь 1918-жыл |
|---|---|
| Кайталап бекитилген |
05-февраль 1991-жыл |
| Колдонууга |
|
| Пропорция |
1:2 |
| Желектин автору | |
| Символиканын негизинде |
Түстөр: |
| Мурунку желеги | |
|
| |
| Пропорция |
1:2 |
|
| |
| Пропорция |
1:2 |
Азербайжандын туусу (азерб. Azərbaycan Respublikasının bayrağı) — Азербайжан Республикасынын мамлекеттик расмий символдорунун бири. Туу 1918-жылдын 9-ноябрында 1920-жылга чейинки Азербайжан Демократиялык Республикасынын мамлекеттик туусу катары бекитилген[1]. 1991-жылдын 5-февралында ошол эле жылы көз карандысыздыгын жарыялаган Азербайжан Республикасынын мамлекеттик туусу катары кайрадан бекитилген[2].
Ильхам Алиевдин 2009-жылдын 17-ноябрындагы жарлыгына ылайык, Азербайжан Демократиялык Республикасынын урматына жыл сайын 9-ноябрь «Мамлекеттик туу күнү» катары белгиленет[3].
Желек
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Азербайжан Республикасынын туусунун тараптарынын катнашы — 1:2. Туу үч түстөн турган кездемеден турат. Көк, кызыл жана жашыл тилкелер туурасынан жайгашкан. Туунун ортосунда, кызыл тилкеде ак түстөгү сегиз бурчтуу жылдыз жана жарым ай сүрөттөлгөн[4][5].
Көк түс түркчүлүктү билдирет (өлкөнүн негизги калкы болгон азербайжандар түрк тилдүү элдерге кирет, ал эми республиканын мамлекеттик тили — азербайжан тили), кызыл түс коомду жаңылоо жана демократияны өнүктүрүү багытын чагылдырат, ал эми жашыл түс ислам динине таандык экенин көрсөтөт[6].
Мамед Эмин Расулзаде — Азербайжан Улуттук кеңешинин биринчи төрагасы — Азербайжан Демократиялык Республикасынын парламентинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө үч түстүү туу түрк эркиндигин, ислам маданиятын жана заманбаптыкты билдирерин белгилеген. Ал эми Узеир Гажибеков, Азербайжан Республикасынын гимнинин музыкасынын автору, туунун мааниси көк түс — түркчүлүктүн, жашыл түс — исламчылыктын, кызыл түс — прогресс менен маданияттын түсү экендиги менен түшүндүрүлөрүн жазган[7].
Туудагы жарым ай исламды символдоштурса, сегиз бурчтуу жылдыз, Фатали хан Хойскийнин түшүндүрүүсү боюнча, «Азербайжан» сөзүнүн араб алфавитиндеги 8 тамгасын билдирет.
Ошондой эле сегиз бурчтуу жылдыз түрк тилдүү элдердин сегиз бутагын символдоштурат деген түшүнүк бар. Аларга азербайжандар, осмондор (түрктөр), чагатайлар, татарлар, казактар, кыпчактар, селжуктар жана түркмөндөр кирген.
Айрым изилдөөчүлөр ошол мезгилде «кыпчактар» деген ат менен казактар жана кыргыздар түшүндүрүлгөнүн белгилешет. Ошондой эле Азербайжан Демократиялык Республикасынын мезгилиндеги түрк элдеринин классификациясы азыркы классификациядан айырмаланганы айтылат.
Башка маалыматтар боюнча сегиз бурчтуу жылдыз Азербайжанда жашаган салттуу сегиз элди да билдириши мүмкүн.
Желектин түсүнүн калыптары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азербайжан Республикасынын «Азербайжан Республикасынын мамлекеттик туусун пайдалануу эрежелери жөнүндө» мыйзамында мамлекеттик туунун түстөрүнүн так мүнөздөмөлөрү берилген[8].
2013-жылдын 22-октябрында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, Pantone Blue 313C, Pantone Red 185C жана Pantone Green 3405C өңдөрү төмөнкү жаңы өңдөр менен алмаштырылган[9][10]:
| Желектин түсүнүн калыптары | Көгүлтүр | Кызыл | Жашыл |
|---|---|---|---|
| Pantone | 306°C | Red 032°C | 362°C |
| RGB | 0, 181, 226 | 239, 51, 64 | 80, 158, 47 |
| CMYK | 100, 20, 0, 11 | 0, 79, 73, 6 | 49, 0, 70, 38 |
| Hex | #00b5e2 | #ef3340 | #509e2f |
Тарыхый желектер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Азербайжан Демократиялык Республикасынын желеги (1918)
- Азербайжан Демократиялык Республикасынын желеги (1918–1920)
- Азербайжан ССР желеги (1920)
- Азербайжан ССР желеги (1920–1921)
- Азербайжан ССР желеги (1921–1922)
- Азербайжан ССР желеги (1924 - 1927)
- Азербайжан ССР желеги (1927 - 1931)
- Азербайжан ССР желеги (1931 - 1937)
- Түштүк Кавказ ССФР желеги (1930–1936)
- Азербайжан ССР желеги (1937–1940)
- Азербайжан ССР желеги (1940–1952)
- Азербайжан ССР желеги (1952–1991)
- Азербайжан Республикасынын желеги (1991–2013)
- Азербайжан Республикасынын желеги (2013–азыркы учурда)
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Azərbaycan Xalq Cümhuriyyəti - Bayraq (azərbaycanca). — «Azərbaycan Xalq Cümhuriyyəti Nazirlər Şurası 1918-ci il noyabrın 9-da Azərbaycanın yeni üçrəngli - mavi, qırmızı, yaşıl zolaqlardan ibarət və üzərində ağ rəngli aypara və səkkizguşəli ulduz təsviri olan milli bayrağının təsdiq edilməsi haqqında qərar qəbul etmişdir.» Текшерилген күнү 10 iyul 2016.
- ↑ Bayraq
- ↑ Azərbaycan Respublikasının Dövlət bayrağı gününün təsis edilməsi haqqında.
- ↑ Символы Азербайджанского государства(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). http://president.az/.
- ↑ Whitney Smith. Flag Lore of All NationsТүп нуска текст (англ.)AZERBAIJAN (ah-zer-bie-JAHN): Ali Bay Huseynzada, the leading nationalist of Azerbaijan, created its modern national flag. The colors of that tricolor stood for the Turkic people (blue), their lslamic faith (green), and the commitment to modernization. In the center of the flag was the traditional Muslim star and cresent. The eight points stood for the eight Turkic peoples, including the Azerbaijanis. This flag was used from 1918 to 1920, when Azerbaijan was independent, and it was revived on February 5, 1991. After the fall of the Soviet Union, independence for Azerbaijan under this flag was proclaimed on August 30, 1991.
- ↑ King, Charles. The Ghost of Freedom: A History of the Caucasus. Oxford University Press. 2008
- ↑ Kotkin, Stephen. Stalin: Paradoxes of Power, 1878-1928. Penguin books. 2014
- ↑ “Azərbaycan Respublikası Dövlət bayrağının istifadəsi qaydaları haqqında” Azərbaycan Respublikasının Qanununda dəyişiklik edilməsi barədə Azərbaycan Respublikasının Qanunu (азерб.). president.az.
- ↑ 22 oktyabr 2013-cü il tarixli 788-IVQD nömrəli Azərbaycan Respublikasının Qanunu (“Respublika” qəzeti, 29 noyabr 2013-cü il, № 262; Azərbaycan Respublikasının Qanunvericilik Toplusu, 2011-ci il, № 11, maddə 1303) ilə 9.2-ci maddə yeni redaksiyada verilmişdir..
- ↑ Bakı şəhəri, 8 oktyabr 2019-cu il, № 1674-VQD (8 October 2019).