АзияУниверсалБанк

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

"АзияУниверсалБанк" Ачык акционердик коому 1997-жылдын 22-августунда каттоодон өткөртүлгөн, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 1998-жылдын 12-январында берилген №039-лицензиясынын негизинде иш алып барат. Банктын мурдагы аталышы – International Business Bank 2000-жылы банкка ээлик кылуучулардын алмашкандыгына байланыштуу өзгөргөн.

Жеке адмамдар жана юридикалык жактар - Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резиденттери эместери банктын уюштуруучулары болуп саналышат.

Директорлор Кеңешинин Төрагасы - Михаил Анатольевич Надель. Банк Башкармасынын Төрагасы – Нурдин Акенович Абдразаков.

Кыскача тарыхы

1997-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн.

1998-жыл Банк операцияларын жүргүзүү укугуна Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан №039-лицензия алынган.

1999-жыл Өлкөдөгү банктардын ичинен биринчи болуп АУБ форвард жана своп-операцияларын жүзөгө ашырган; Интернет-банкинг кызматы колдонууга берилген; Банктын стипендиялары белгиленген.

2000-жыл Банктын расмий сайты ачылган www.aub.kg; Кардарларды англис тилинде тейлөө иши жөнгө салынган; Ысыккөл областында операциялык офис ачылган; Банктын баштапкы аталышы – International Business Bank – банк ээлеринин алмашкандыгына байланыштуу өзгөртүлгөн.

2001-жыл Банк-корреспонденттеринин саны элүүгө жеткен; VISA жана MasterCard эларалык карттарын тейлөө иши жөнгө салынган, эквайринг кызмат көрсөтүүлөрү сунушталган; Өлкөдөгү алгачкы соодо түйүндөрүнө жана пластик карт ээлерине күнү-түнү колдоо көрсөтүүчү call-centre ачылган; АУБ «Анелик» акча которуу системасына кошулган; Банктын башкы офиси Бишкек шаарынын Токтогул көчөсүнүн 187 дарегинде жайгашкан жаңы имаратка көчүрүлгөн.

2002-жыл Латвиянын Рига шаарында 2 филиал жана өкүлчүлүк ачылган; Банк алгачкы эларалык сыйлыкка татыктуу болгон;

2003-жыл Кардарларды кытай тилинде тейлөө иши жөнгө салынган; 121 банк-корреспонденттер менен мамилелер түптөлгөн; АУБ SWIFT системасына кошулган; 4 эларалык сыйлыкты алууга жетишкен.

2004-жыл АУБ Кыргыз Республикасынын банктарынын ичинен 300 млн. сомду түзгөн, төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмү боюнча биринчи орунга чыккан; Банктын ребрендинги өткөрүлгөн; Кардарларды «Бир терезе» принциби боюнча тейлөөгө өтүү иши жөнгө салынган; Банк-корреспонденттер чөйрөсү олуттуу кеңейип, Bank of China жана Nordea Bank Finland Plc сыяктуу ири банктар менен толукталган; АзияУниверсалБанкы мамлекеттин казынасына 10,5 млн. сом чегерүү менен өлкөнүн ири салык төлөөчүсүнөн болуп калган; АУБ Бишкекте өткөрүлгөн Биринчи Эларалык Банктык Конференциянын генералдык демөөрчүсүнөн болгон; 3 эларалык сыйлыкка татыктуу болгон; Кыргыз Фондулук Биржасы Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү, өнөржай жана соода министрлиги менен бирдикте АУБду “Жылдын банкы” катары тааныган; Жыл жыйынтыгы боюнча Банк Башкармасынын Төрагасы Нурдин Абдразаков «Банк чөйрөсүндөгү жылдын менеджери - 2004» эларалык сынагынын «Динамикалуу өнүгүү» номинациясынын жеңүүчүсү болгон;

2005-жыл АУБ өлкө банктарынын ичинен алгачкы болуп комплаенс-контроль бөлүмүн түзгөн; Банк-корреспонденттер чөйрөсүн кеңейтүү иши улантылган, алардын катарында American Express Bank Ltd, UBS AG, Agricultural Bank of China сыяктуу абройлуу эларалык лидерлер да пайда болгон; Киевде (Украинада) өкүлчүлүк ачылган; Банктын 4 тилдеги (англис, кытай, кыргыз, орус) расмий сайты ачылган; Маданият менен искусствону ар тараптуу колдоого алган «Кыргызстандын алтын фонду» долбоору ишке киргизилген; АУБ 2 улуттук жана 2 эларалык сыйлыктарды жеңип алууга жетишкен;

2006-жыл АУБ Moody's агенттигинин эларалык кредиттик рейтингине татыктуу болгон Кыргыз Республикасындагы алгачкы компания болуп калган; Алматыда (Казахстанда) өкүлчүлүк ачылган; АУБ Эларалык соода палатасына өткөн; Ипотекалык кредиттөө иши башталган; Банк «Юнистрим» акча которуу системасына кошулган; АУБ The Asian Banker журналынын версиясы боюнча Азиянын жогорку класстагы чекене кызмат көрсөтүүнү сунуштаган мыкты жүз банкынын катарына кирген; «АУБ-инфо» корпоративдик журналын чыгаруу иши жөнгө салынган; Банкка 3 эларалык сыйлык тапшырылган; Банктын таза кирешеси 109,8 млн. сомго жеткен жана ал 2005-жылдагыга салыштырганда 2 эседен көбүрөөккө арткан; АУБ социалдык жана маданий багыттарды камтыган долбоорлорго 7,7 млн. сомдон ашуун суммада колдоо көрсөткөн;

2007-жыл Директорлор Кеңешинин профессионалдык составы жакшыртылды, 2007-жылы бул органга төмөнкүлөр киришти: Майкл Меред (КР ЭВФнун мурунку өкүлү), Боб Доул жана Беннетт Жонстон (АКШнын экс-сенаторлору); Банк 10 жылдык юбилейин майрамдады; АУБ жаңы чекене стратегиясын иштеп чыгып, ишке ашыра баштады; 2007-жылы бул стратегиянын чектеринде филиация тармагын кеңейтүү боюнча иш башталды, керектөө насыялоонун жаңы программалары чыгарылды, банк «Төлөмдөр чебери» өзүн-өзү тейлөө терминалдар тармагын иштете баштады; «АУБ-Борбор» филиалынын азыркы учурга ылайык келген офиси Москва көч. 80/1дареги боюнча ачылды; АУБдун башкы демөөрчүлүгү менен IV-Бишкек Эл аралык Банк конференциясы ийгиликтүү өткөрулдү; АУБ КМБ боюнча, Маалымат Коопсуздугунун Башкаруу Системаларынын (МКБС) - ISO/IEC 27001:2005 эл аралык стандарты боюнча тастыктоо өткөн, биринчи банк болуп калды; АУБдун банк-корреспонденттер тармагына дагы бир дүйнөгө атагы чыккан – Ситибанк финансы мекемеси кошулду; Башкы четөлкөлүк “Euromoney”, “Global Finance”, “The Banker” басмаларынан 4 эл аралык сыйлык, ошондой эле Кыргызстан банктар союзунан жана «АКИпресс» маалымат агенствосунан 2 улуттук сыйлык алынды; Жылдын жыйынтыгы боюнча банктын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү менен бирге, киреше (212,8 млн. сом), кредиттик портфель (1,7 млрд. сом) жана жалпыланган капитал (1,2 млрд. сом) эки эсеге көбөйдү; Бир жылда 20 млн.сомдон ашуун суммага 55 коомдук жана маданий долбоорго колдоо көрсөтүлдү.