Айбанбоз

Википедия дан

АйбанбозМанас баатырдын аяк улоо катарында ич-арага мине турган аты. Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Чоң казатта А-ду Манас чалгындын жолун талашып чырдашкан Алмамбет менен Чубакты жараштырууга артынан барганда минет. Ошол боюнча ал жерде калган Манас чалгындап барып, жылкы тийген Алмамбет, Чубак, Сыргактардын соңунан кууп келген кытайларга каршы согушка А-ду минип кирүүгө мажбур болот. А. Манасты көтөрө албай Коңурбайдын көп колунун курчоосунда калат. "Манас" эпосунда бул мотив аркылуу А-дун тулпарлык касиетинин начардыгы, Манасты Аккула менен Тайбуурулдан башка ат көтөрө албастыгы көрсөтүлгөн. Айбанбоз — Айкожонун тулпары. Валиханов, Чохан жазып алган эпизод боюнча Көкөтөйдүн ашында «Айбанбоздой күлүк ат» (Валиханов жазып алган эпизод «Ала-Тоо», 1979, № 7, 78-б.) алып келип чапсын деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4