Айгиз Баймухаметов
Көрүнүш
| Айгиз Баймухаметов | |
| Айгиз Ғиззәт улы (Баймөхәмәтов) | |
| Туулган датасы: |
27 -октябрь 1988 (37 жаш) |
|---|---|
| Туулган жери: |
Абзаково, Башкыр АССР, СССР |
Айгиз Баймухаметов — башкыр жазуучу.
Ал балдар үйүндө тарбияланган жетим балдардын оор тагдыры тууралуу өз жашоосунан алынган «Апаке, таштаба!» повести аркылуу кеңири белгилүү болгон. Бул китеп алгач башкыр тилинде 2013-жылы жарык көргөн «Ҡалдырма, әсәй!» жана Башкыртстан Республикасынын VIII Республикалык «Жылдын мыкты башкыр китеби» сынагынын жеңүүчүлөрүнүн катарына кирген. Кийинчерээк бул чыгарма орус, татар, чуваш, казак, кыргыз, өзбек, азербайжан тилдеринде бир нече жолу басылып чыккан. Бул повесть Башкыртстанда жана Кыргызстанда сабактардын катарына киргизилген[1].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Аралбаева, Лейла. В Кыргызстане и Узбекистане творчество Айгиза Баймухаметова изучают в школах и вузах, Башинформ (4.12.2019).