Айгүл гүлү

Википедия дан
Айгул гулу‎»‎ барагынан багытталды)

Ажайып сулуу Айгүл гүлү.

Баткен областы Республикабыздын башка областтарынан айырмаланып өрүкзардын мекени. Бул өрөөндө өзүнүн татымдуулугу боюнча балдан кем эмес, асыл баалуу түркүн сорттогу өрүктөрдүн даамы менен даңазаланып келет. Ал гана турсун дүйнөдө сейрек кездешкен Айгул гүлү да ушул областын аймагынан орун алып келет.

Эл арасында кеңири айтылып келген уламыштын маани-маңызы төмөнкүчө: "Илгери бул Карабулак аймагында бир бай жашайт экен. Анын ай чырайлуу Айгул аттуу кызы болуп өзүнүн наздыгы, сулуулугу менен башкалардан айырмаланып, адептүүлүгү жана эмгекчилдиги менен ата-энесин кубанычка бөлөп келет. Айгул бой тартып эрежеге жеткенде ай жамалы ачылып сулуу кызга айланып, ошол эле айылдагы Козулан деген баатыр, эмгекчил жигитти сүйүп калат. Эки жаштын ата-энеси да балдарынын купул сезимдерин байкап калышып билдирбестен той камын коро башташат.

Бирок, какаганга муштаган болуп бир ирет баскынчы душмандар менен болгон катуу кармашта Козулан тарап жеңилип, баатыр Козулан багынып бергиси келбестен кашык каны калганча салгылашып жатып каза болот. Жолдоштору анын жүрөгүн айылга алып келишет. Бул кайгылуу кабарды укканда чыдабай ыйлаган бойдон дарыянын жээгине келип отурат да сүйгөнү менен ушул дарыянын жээгинен таанышканын эске түшүрөт. Ал жерден үйүнө келип курбу кыздарын ээрчитип тоону көздөй жөнөйт. Тоого жетип курбу кыздар менен коштошот да, өзүн бийик аскадан төмөн карай таштап жан берет. Ал аскадан таштын борчугунан кыздын канына боёлгондой кочкул кызыл, саргыч түстөгү өтө кооз гүл өсүп чыгат. Ал гүлдү "Айгул гүлү" деп кыз боюн таштаган асканы "Айгул таш" деп, ал эми Айгул таштын бет маңдайындагы тоону "Козулан тоосу" деп аташат. Баатыр жигит козуландын жүрөгү кыз менен кошо жерге жашырылат. Ошентип тирүүсүндө тагдырдын буйругу насип этпеген бул эки жаштын тилеги тигил дүйнөдө биригип, алардын каны жанынан Айгул гүлү жаралып калган экен.Ошооо туугандар

Азыр Айгүл гүлү өскөн аймакта ондогон үйлөр салынып, Айгүл таш деген чакан айыл пайда болгон. Айгүл гүлү жыл сайын Апрель айынын орто ченинде ачылып, май айынын орто ченине чейин гүлдөйт. Башка гүлдөрдөн айырмаланып анын гүлдөө мезгили да 20-25 күндү өзүнө камтыйт. Анын дагы бир айырмачылыгы боюнун бийиктиги 1-1,5 мге чейин өсөт жана тоонун күңгөй эмес тескей капталында өсүшү.

Табиятынан кооз гүл аталган Айгул гүлү илимий эмгектерде "Петимум Эдуарда" же орусча "Рябчик Эдуарда" д.а. Бул ажайып кооз гүл жалаң гана таштуу жерлерде өсүп, тамыры да терең жайгашкан. Бир караганда гүлдүн ичинен чоң шүүдүрүм тамчыларды байкоого болот. Жергиликтүү эл ушуну сүйүшкөн эки жаштын көз жашы деп аташат.

Айгүл гүлүнүн бир эки сөңгөгүндө 5-6, айрымдарында 7-8 кадимки коңгуроону элестеткен таажылуу, узун жалбырактуу кочкул кызыл, сары түстөгү гүлдөр орун алып, адамдарды өзүнө тартып турат.

Азыр Айгүл тоосу корукка алынып, андагы гүл СССРдин "кызыл китеби"1978-жылы киргизилген. "Айгүл гүлү" Баткен областынын Кара Булак кыштагында орун алган.