Рысбек Айдаралиев
(«Айдаралиев Рысбек» барагынан багытталды)
Айдаралиев Рысбек (10.5.1922-ж.т., Талас району, Көпүрө-Базар айылы-1998) - коомдук ишмер.
- Ош педагогикалык техникумун (1941), Республикалык партиялык мектепти (1950), Фрунзе айыл чарба техникумун (1963), Кыргыз мамлекеттик университетин (1972) бүткөн.
- Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу (1941 -46).
- 1947-52-жылдары Кыргызстан КПнын Талас облустук комитетинде пропаганда жана агитация бөлүмүнүн инструктору, бөлүм башчысы.
- 1952-55-жылдары Кыргызстан КПнын Чаткал райондук комитетинин 1-катчысы,
- 1956-59-жылдары Талас облусунун Буденный райондук аткаруу комитетинин төрагасы,
- 1959-75-жылдары Талас районунун “Каракол” колхозунун башкармалыгынын төрагасы (колхозду миллионер чарбага айландырууга жетишкен),
- 1976-77-жылдары Чүй облустук райондор аралык жайыт башкармалыгынын зоотехниги,
- 1977-89-жылдары Талас облусунун райондор аралык жайыт башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген.
- А.-дин демилгеси менен 1952-53-жылдары биринчи жолу Терек-Сай-Жаңы-Базар автомобиль жолу, көпүрө салынган (калк арасында Айдаралиевдин жолу, көпүрөсү аталган).
- “Ленин, “Октябрь революциясы”, Кыргыз Республикасынын “Даңк” ордендери, юбилейлик медалдар менен сыйланган.
- Ысмы Талас районундагы өзү иштеген айыл аймагына, Көпүрө-Базар айылындагы орто мектепке берилген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6