Айдарым аралдары

Википедия дан
Айдарым аралдары.

Айдарым аралдары, Кариб аралдары (англ. Windward Islands, исп. Islas Barlovento) - Кариб деңизиндеги аралдар тобу, Кичи Антил аралдар архипелагынын чыгыш бөлүгү. Вест Индияда, Виргиния жана Тринидад аралынын аралыгында жайгашкан. Ири аралдары: Гваделупа, Мартиника, Доминика, Гренада, Сент-Винсент, Антигуа ж. б. Рельефи тоолуу (эң бийик жери 1447 м, Доминика аралында). Аракеттеги жанар тоолор бар. Тропиктик климат өкүм сүрөт. Балкамыш, цитрус өсүмдүктөрү, кофе, какао, банан плантациялары бар. Айдарым аралдарында жайгашкан өлкөлөр: Антигуа жана Барбуда, Гренада, Доминика, Сент-Винсент жана Гренадина, Сент-Люсия, ошондой эле Улуу Британия, Франция, Нидерландиянын ээликтери бар. Жалпы аянты 6 миң км2. Калкы 1,3 млн (1990). Негизги шаарлары - Фор-де-Франс (Мартиника аралында), Пуэнт-а-Питр ж-а Бас-Тер (Гваделупа аралында), Кастри (Сент-Люсия аралында). Аралдардын түндүк-чыгыш пассат шамалына карата ачык жайгашуусунан улам ушундай аталып калган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1