Айдын либрациясы

Википедия дан

Айдын либрациясы, (ай термелүүсү) – Айдын массасынын борборуна карата анын маятник сымал мезгилдүү термелиши.

Айдын өз огунда жана Жерди айланып чыгуу мезгилдеринин бирдейлиги анын көрүнгөн жарым шарын түшүндүрөт. Бирок Айдын либрациясынын натыйжасында, Жердеги байкоочу Айдын бетинин 60%ке жакынын көрө алат. Айдын либрациясы Ай орбита боюнча бир калыпта кыймылдабагандыктан, анын формасынын анык шар эместигинен болот. Ай өз огунда бир калыпта айланып, Жерди айлануу кыймылы Перигейде тез, Апогейде жай айлангандыктан Айдын узундук боюнча либрациясы, анын айлануу огунун орбитасынын тегиздигине жантаюусунан кеңдик боюнча либрациясы, байкоочунун Жер менен кошо айлануусунан параллакстык либрациясы түшүндүрүлөт. Андан сырткары Айдын суткалык жана физикалык либрациясы бар. Алар Ай менен Жердин гравитациялык тартылуусунун бирдей эместигинен келип чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]