Айдын толушу

Википедия дан

Айдын толушу – Ай жаңыргандан 14–15 сутка өткөндөн кийин Ай Күн менен карама-каршы келген абалы.

Бул учурда Айдын фазасы толук болуп, Күн нурлары бардык Айдын жарым шарын жарыктандырат. Толгон Ай Күн батар кезде чыгат да, Күн чыгарда кирет, ал эми түндүн жарымында асмандын түштүк тарабынан көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]