Айланма капитал

Википедия дан

Айланма капитал — өндүрүш капиталынын эмгек предметин жана жумушчу күчүн сатып алууга бөлүнүүчү бөлүгү. Айланма капитал туруктуу капиталдын (сырьё, материалдар, энергия, отун, бүтө элек өндүрүш) жана өзгөрүлмө капиталдын элементтеринде жүзөгө ашырылат. Айланма капитал наркы продукцияны сатып өткөрүүдө ишкерге толук кайтарылып берилет. Капиталдын негизги ж-а айланма болуп бөлүнүшү өндүрүш капиталына тиешелүү жана жүгүртүү капиталына (товардык жана акча) кирбейт. Айланма капиталды өндүрүш капиталынын бир бөлүгү катары К. Маркс ачкан. А. Смит аны товардык же соода капиталы катары караган. Д. Рикардо айланма капиталын жумушчу күчүн сатып алууга жумшалган чыгымга окшоштурган. Азыркы батыш экономика теориясы айланма капитал түшүнүгүн бөлүп карабайт. Иш жүзүндө ал айланма өндүрүш капиталы менен катар жүгүртүү, товардык жана акча капиталын камтуучу жалпы күндөлүк активдерди түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1