Аймактык суулардан тынчтык өтүү

Википедия дан

Аймактык суулардан тынчтык өтүү – эларалык укукта жээкте жайгашкан мамлекеттердин аймактык суулары менен кемелердин аларды кесип өтүү максатында, ички сууларга кирбестен, рейдде же ички суулардан сырткаркы порттук курулмаларда токтоп турбастан, же болбосо ички сууларга өтүү, ал аркылуу ачык деңизге чыгуу же ошондой курулманын жанында токтоо, рейдде туруу максатында сүзүп жүрүүсү. Баардык мамлекеттердин кемелери, жээкте жайгашкандардыкы да, деңизге түз чыгууга жолу жоктордуку да ушул укуктан пайдаланат. Өтүү эгер ал демейки сүзүү менен байланышып, өз ичине токтоону, якорго турууну камтыса да, баш бербес күчтүн таасирин жеңүү же жардам көрсөтүү үчүн үзгүлтүксүз жана тез болуусу тийиш. Суу алдында сүзүүчү кемелер тынч өтүүнү суу үстүндө ишке ашыруулары керек.

== Колдонулган адабияттар ==