Аймакты аскерлешүүдөн арылтуу

Википедия дан

Аймакты аскерлешүүдөн арылтуу (демилитаризация) – эл аралык келишимдер менен мамлекеттик ички актылардын негизинде, белгилүү бир аймактагы аскердик чептер менен чыңдоолорду жоюу, анда аскердик базалар менен аскер күчтөрүн кармоого тыюу салуу (көбүнесе аймактык талаш-тартыштарды токтотуу максатында). Антарктика, Аланд архипелагы, Шпицберген, Ай толугу менен, ал эми Африка, Латын Америкасы ж. б. жарым-жартылай аскерлешүүдөн арылтылган. Көп учурларда аймакты аскерлешүүдөн арылтууну согуш майданы катары кодонуудан баштарткан бейтарапташтыруу да коштоп жүрөт. [1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7