Шакен Айманов

Википедия дан
Айманов Шакен Кенжетай уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Айманов Шакен Кенжетай уулу (5. 2. 1914, Павлодар облусу, Барнаул району, Айман-Булак айылы - 24. 12. 1970, Москва) - казак актёру, режиссёр, казак профессионалдык киноискусствосуна негиз салуучулардын бири. СССР эл артисти (1959), Казак ССР мамлекеттик сыйлыгы (1965), СССР мамлекеттик сыйлыгы (1968, 1979) лауреаты. Семейдеги мугалимдер педтехникумунда окуп жүргөндө Алматыдагы Казак драма театрына чакырылып, 1933-ж. кабыл алынган. Театр сахнасында Кобланды (М. Ауэзов, «Кобланды»), Кодар (Г. Мүсрепов, «Козу Көрпөш - Баян сулуу»), Алдар көсөө (Ш. Кусаинов, «Алдар көсөө»), Исатай (И. Жансүгүрөв, «Исатай - Махамбет»), Кассио (У. Шекспир, «Отелло»), Тихон (А. Островский, «Таланттар менен табынуучулар»), Кидд (Б. Лавренов, «Америка добушу»), Хлестаков (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Петруччио (У. Шекспир, «Азоого чалма») сыяктуу классикалык ролдорду аткарган. «Мылтыкчан киши», «Абай», «Намыс соту» пьесаларын сахнага чыгарып, алгачкы режиссёрлук кадамын баштаган. 1951-56-ж. Казак драма теарынын башкы режиссеру болгон. Ал койгон «Абай» спектаклине СССР мамлекеттик сыйлыгы берилген (1952). Абайдын акындык талантына таасирленип өскөн Айманбетов кийин улуу акын тууралуу фильмге катышкан. Өнөр сапары менен эл арасында болуп, кинофестивалдарда, симпозиумдарда Жан Шабен, Жан Марэ, Лоуренс Оливье, Софи Лорен, Радж Капур, Френк Копра сыяктуу киножылдыздар менен жолугушкан. «Абай ыры» (реж. Г. Рошаль, 1945), «Жамбыл» (реж. Е. Дзиган, 1947) фильмдери аркылуу кино өнөрүнүн сырын терең түшүнүп, 1958-70-ж. «Казакфильм» студиясынын көркөмдүк жагын башкаруу менен казак киноөнөрүнүн өркүндөшүнө чоң үлүш кошуп, романтикалык-патриоттук мектептин негизин түздү. Айманбетов Казакстан кинематографисттер союзунун башкармасынын туңгуч секретары болгон. Каир шаарында өткөн Азия жана Африка элдеринин жана Москва шаарында өткөн эл аралык кинофестивалдарга катышкан. «Тоо хрусталы» аттуу фильми 1967-ж. Дүйшөмбү шаарында өткөн Казакстан жана Орто Азия республикаларынын эл аралык фестивалында биринчи байгеге ээ болгон. «Махабат тууралуу баян» (1953), «Алдар көсөө» (1965), «Атамекен» (1966), «Биздин сүйүктүү доктор» (1958), «Такыялуу периште» (1958), «Атамандын акыры» (1970) фильмдерин койгон. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган. Алматы шаарынын бир көчөсүнө (1972) жана «Казакфильм» студиясына (1984) ысмы берилген. Ал жашаган үйдө жана киностудияда музейи уюштурулган (1971).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1