Айнек буласы

Википедия дан

Айнек буласы - эритилген айнектен түрдүү жолдор менен даярдалган жасалма материал. Диаметри 3,5-100 мкм, узундугу 20 км болгон үзгүлтүксүз жана диаметри 0,5 - 20 мкм, узундугу 1-50 см штапелдик болуп 2 түрдө жасалат. Ал ысыкка чыдамдуулугу (мисалы, кварц, кремнезем, коалин булалары 1000°Сге чыдайт), диэлектриктик жогорку касиети, жылуулукту начар өткөрүшү жана бышыктыгы, химиялык туруктуулугу менен мүнөздөлөт. Айнек буласы текстиль буласы жана жылуулук өткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуунун технологиялык үч түрү - эритилген айнек массасын чоюп-созуу, айнек массасын борбордон четтөөчү күчтүн жардамы менен агымдарга ажыратуу, үйлөө ыкмалары колдонулат. Була химиялык курамына жараша 500-700°Сде гана жумшара баштайт. Техникада айнек буласы чыйратылган жип, тасма, кездеме, кездеме эмес материал түрүндө бышыктагыч (армирлөөчү), ошондой эле жылуулукту эң начар өткөргөндүктөн жылуулук сактагыч чыпка, электр өткөрбөгүч материал катары пайдаланылат. Андан жасалган материалдарды полиэфир, кремний, органикалык чайыр менен чапташтырганда жеңил, бекем, чыдамдуу материал алынат. Айнек текстолити жана айнек волокнити деген түрлөрү бар. Айнек кебези (диаметри 1030 мкм була) жылуулук өткөрбөөчү материал болгондуктан имараттарды жылуулоо, түтүктөрдү ороо үчүн, акустикалык материал жана катмарлуу дубал панелдери, жабуу плиталары, бөлмөлөрдүн тосмо конструкциялары катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1