Айнек иштери

Википедия дан

Айнек иштери - имараттардын терезе, каалгаларын айнектөө. Курулушта терезе айнеги, арматуралуу, саймалуу, түстүү, чыңалган айнектер жана айнек блоктору колдонулат. Бул иш айнекти керектүү өлчөмдө кесүү, аны терезеге, каалгага ж. б. жарык кирүүчү оюктардын алкактарына орнотуудан, бекитүүдөн, тазалоодон турат. Кадимки айнектин калыңд. 2, 3, 4, 5 жана 6 мм болот. Мында айнектен башка негизги материал катары олифте даярдалган бор жылчык шыбагы (замаскасы), минералдык майларда жасалган битумдуу жана темир же коргошун суригинде жасалган белила жылчык шыбагы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1