Айни, Садириддин

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Садириддин Айни- (чыныгы аты-жөнү Садириддин Саид-Муродзода) - тажик акыны, коомдук ишмер жана окумуштуу. II даражадагы Сталин сыйлыгынын лауреаты. Ал 1878-жылы 15(27)-апрелде Сактари айылында (Өзбекстандын азыркы Бухара облусунун Гуждуван району) төрөлгөн. Бухарадагы медреседен билим алып, ал мезгилдин төбөлдөрү менен жакшы мамиледе болгон. Бухарага советтик бийликтин орношуна чон салым кошкон. Садириддин Айни биринчи болуп "Тажик адабиятынын үлгүлөрү" аттуу тажик улутунун оозеки чыгармачылыгынын жыйнагын түзгөн. 1951-жылдан тарта Тажик ССРинин Илимдер академиясынын 1-президенти болуп шайланат. 1950-жылдан тартып СССР Жогорку Советинин 3-4-чакырылышынын депутаты болгон. Садириддин Айни Самарканд мамлекеттик университетинин (ошол кезде академия) негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал айрым чыгармаларын өзбек тилинде да жазуу менен эки элдин адабиятына салымын кошо алган. "Одина", "Кулдар", "Эскерүүлөр" аттуу чыгармаларынын автору. 3 Ленин орденинин жана Кызыл Туу орденинин ээси. Тажик ССРинин Эмгек сиңирген ишмери, Өзбек Илимдер академиясынын ардактуу академиги, Тажик Республикасынын Баатыры. Анын сүрөтү 5 сомониде Тажикстандын улуттук волютасы) түшүрүлгөн. Садириддин Айни 1954-жылы 29-декабрда каза тапкан.

Адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Cалтанат Мукасова. Кеңеш.супер.kg.