Айпери Медет кызы

Википедия дан
Айпери Медет кызы
Жеке маалыматы
Жынысы

Аял

Жарандыгы

 Кыргызстан

Чеберчилиги

Эркин күрөш

Төрөлгөн датасы

30 -март 1999(1999-03-30) (25 жаш)

Төрөлгөн жери

Оро, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан

машыктыруучу

Нурбек Изабеков

Бою

173 см

Салмагы

77 кг

Спорттук чини

Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери

Aiperi Medet Kyzy

Айпери Медет Кызы (төр. 30-март 1999, Бакай-Ата району, Талас облусу, Кыргызстан) — Кыргызстандык спортчу, Эрткин күрөш боюнча Дүйнө кубогу (2020), Азия чемпиондугу жана Азия оюндарынын медалчысы. Эркин күрөш боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Машыктыруучусу Нурбек Изабеков, насаатчысы Кыргыз Республикасынын дин эмгек сиңирген спортчусу Айсулуу Тыныбекова .

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Медет кызы Айпери 1999-жылы 30-мартта Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Оро айылында туулган. Атасы Медет Мамырбаев 1966-жылы туулган, дыйкан чарбасы менен алектенет. Апасы Салтанат Осмонова 1970-жылы туулган, орус тили боюнча мугалим. Айпери — беш бир туугандын үчүнчүсү. 2005-2014-жылдары Бакай-Ата районунун 1-май айылындагы Токтогул Чогушев атындагы орто мектепте 9-класска чейин окуган. 2015-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик техникалык университеттин графикалык-дизайн факультетинде окуйт.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2015-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
  • 2016-жылы Тайбэйде өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Грузияда өткөн дүйнө чемпионатында күмүш медаль;
  • 2017-жылы Финляндияда өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль;
  • 2017-жылы Азербайжанда өткөн ислам оюндарында коло медаль;
  • 2017-жылы Ашхабад шаарында өткөн жабык имараттагы Азия оюндарында коло медаль.
  • 2017-жылы Финляндияда өткөн Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль;
  • 2018-жылы Жакарта шаарында өткөн Азия оюндарында коло медаль;
  • 2019-жылы Будапешт шаарында өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль;
  • 2020-жылы Индияда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль;
  • 2020-жылы Сербияда өткөн Дүйнө Кубогунда күмүш медаль.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]