Мазмунга өтүү

Айсалкын Кыйыкбаева

Википедия — ачык энциклопедия
Айсалкын Кыйыкбаева
Туулган датасы:

1971(1971-00-00) (55 жаш)

Туулган жери:

Тегирменти, Кемин району, Чүй облусу, Кыргыз ССРи

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Кесиби:

актриса

Карьерасы:

1992 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын жаштар сыйлыгынын лауреаты (2005) Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (2019)[1]

IMDb:

ID 9791590

Айсалкын КыйыкбаеваКыргызстандык театр жана кино артисти. "Жайсаң” театрында, Кыргыз мамлекеттик Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана балдар театрында жана Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрында актриса болуп эмгектенет.

Айсалкындын атасы көп жылдар боюу колхоздун жылкы фермасынын башчысы болуп иштегендиктен жайкысын үй-бүлөөсүн дайыма жайлоолго чыгарып кетчү.
Андыктан Айсалкындын балалыгы Кеминдин ажайып кооз жерлеринин кучагында, шылдыраган булак бойлорунун жээгинде өткөн.
Кыйыкбаева Айсалкын өз айылы Тегирментидеги Белек Солтоноев атындагы орто мектепти бүтүргөн.
Ата-энесинин каршы болгонуна карабастан, 1990-1992-жылдары Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын театр окууу жайында окуган.
Аталган окуу жайынын аяктагандан кийин курсу менен кошо ошол кезде драматург жана сынчы Жаныш Кулмамбетов уюштурган “Жайсаң” театрына актриса катары кирет.

”Курорттогу роман” фильмин тартуу учурунан

1993-1996-жылдары Кыргыз мамлекеттик жаштар жана жеткинчектер театрында иштеген.
1996-жылдан тартып ушул кезге чейин Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрда эмгектенет.
Театр өнөрүндө эмгектенген жыйырма жылдан ашуун жигердүү чыгармачылык жолунун ичинде Айсалкын сахнада ондогон ролдорду ийгиликтүү ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнүн арзуусуна татыды.
Айсалкын бир нече жыл илгери кыргыз киносунда да өз чыгармачылык чыйырын баштаган. “Дөнөнбай куш” фильминде эпизоддук ролго тартылган. 2013-жылы Айсалкын Кыйыкбаева “Курорттогу роман” фильминде башкы роль ойноп, кыргыз көрүүчүлөрүнө таланттуу киноактриса катары кеңири таанымал боло баштады.

Театрда жетишкен чыгармачылык ийгиликтери үчүн Айсалкын Кыргызстандын жаштар сыйлыгы менен сыйланган.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айсалкын Кыйыкбаева чыгармачылык диапозону боюнча Кыргызстандагы эң күчтүү драмалык актрисалардын катарына кирет. Анын Зайна (“Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”), Корделия (“Король Лир”), Догулаң (“Чыңгыз хандын ак булуту”) сыяктуу ролдору өтө күчтүү драмалык чыңалуу менен ойнолгону аркылуу айырмалынып турат.
Ошол эле учурда, ал психологиялык чындыкты өтө так жана ынанымдуу бере билет. Ушунусу менен Айсалкын сахнада болобу, кинодо болобу театралдуулукка алдырбаган, билинээр-билинбес психологиялык нюанстарды аябагандай даана жана так бере билгени менен көрүүчүнү турмуш чындыгына толук ишендире алган актриса.

Театрда ойногон негизги ролдору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Зулайда (Т. Абдумомунов, “Машырбек үйлөнөт”)
Зайна (Ж. Кулмамбетов, “Каргыш тийсин сага, Жаңыл Мырза!”)
Мээркүл (Ж.Өзүбекова, "Толгоо")
Курманжандын жаш кези (Т.Касымбеков, К.Сактанов, “Курманжан-датка”)
Корделия (Шекспир, “Король Лир”)
Тили (Ян Теттер, “Дубал”)
Догулаң (Ч.Айтматов, “Чыңгыз хандын ак булуту”)
Келин (А.Темирова, "Сынык асман")
Татьяна (А.П.Чехов, “Юбилей”)
Агафья Тихоновна (Н.В.Гоголь, “Үйлөнүү”)
Натаха (Н.Коляда, “Назиктик”)
Сайраш (М.Байжиев, “Алтынчы күнү кечинде”) ж.б.

Тасмаграфиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жылы Кыргызча аталышы Түпнуска аталышы Каармандык ролу
2013 т Курорттогу роман Курорттогу романАлла Тураровна
2017 т Махабат Махабат
2018 т Дарак ыры Дарак ырыУулке
2020 с Таң алдында Таң алдында-
2020 с Мектеп шайлоосу Мектеп шайлоосу-
2021 т Супер кудалар 2 Super кудалар 2-
2022 с Акча Акча-
2022 т Супер кудалар 3 Super кудалар 3-
2023 т Жаным Жаным-
2023 т Бошетунмай Бошетунмай-
2023 т - РазбойКүйөө баланын апасы
2024 с Чоочун киши Чоочун киши
(жүрөк гана алдабайт)
-
2024 т Бейиш эненин таманында Рай под ногами матерейБекеттеги аял, жаш кези / Райхан апа
2024 т Такси[2] ТаксиШеф
2024 т Абысынки Түпнуска аталышы белгисиз3 келинди кайненеси
2024 с Чоочун киши Чоочун киши
(жек көрөм)
-
2024 т Белек Белек-
2025 т Эки дос[3] Эки досҮмүттүн апасы
2025 т Кош дегим келбейт Кош дегим келбейт
2025 т Кара дуба Кара дубаАйсалкын
2025 т Аиша АишаЭлизанын апасы
2025 т Жүрөгүм ЖүрөгүмМадинанын апасы
2025 т Эсимде Эсимде
2025 т ~ Бабник жана ПодкаблучникАйбектин аялы
2026 т Бейиш 2: Апама кат[4] Бейиш 2: Апама кат

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Сыйлык:Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (кырг.). Мамсыйлыктар. Текшерилген күнү 5 -май (бугу) 2024.
  2. Кыргызстанский хоррор "Такси" разрывает прокат в Казахстане (орусча). el.kz. Текшерилген күнү 5 -май (бугу) 2024.
  3. Два друга (орусча). Кинопоиск. Текшерилген күнү 18 -июль (теке) 2025.
  4. Бейиш 2: Апама кат 12+ (орусча). Cinema.kg. Текшерилген күнү 15 -январь (үчтүн айы) 2024.
  5. Кырсык өтө тез болуп кетти... Марат Козукеевдин жубайы Айсалкын менен маек (кырг.). Sputnik. Текшерилген күнү 5 -май (бугу) 2024.