Айтмерек, урук

Википедия дан

Айт мерек - баргы уруусунун курамындагы урук[1].

  • Этнонимдин биринчи компонентин төмөнкү маанилерде чечмелесе болот:
  1. дин. Ислам дининдеги элдердин жылына бир жолдон майрамдоочу диний майрамы (мисалы, Орозо айт, Курман айт).
  2. Өзүнүн оюн сөз менен түшүндүрүү, бир нерсе жөнүндө баяндоо, сүйлөө[2].

Мындан сырткары, үркүтүп-чочутууда ж.б. колдонулат.

  • Экинчи компоненти ”мерек” - иран тилинде “кан-жар” маанисин аныктайт[3].

Этнонимдин фонетикалык өзгөргөн формасы “айт маарек” - “айтыңар кабыл, куттуу болсун” дегенди да туюнтушу мүмкүн.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Абрамзон, 105
  2. Юдахин, 44
  3. Юдахин, 525

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Каратаев О. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. — Бишкек: КТМУ, 2003. -265 6. ISBN 9967-21-621-2