Кайыпбек Айтыгулов

Википедия дан
Айтыгулов Кайыпбек‎»‎ барагынан багытталды)

Айтыгулов Кайыпбек - (1. 12. 1932-жылы туулган, Нарын облусу, Жумгал району, Кызарт айылы) - кыргыздын туңгуч флейтачысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1993). 1947—1952-жылдары М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайын флейта адистиги боюнча, 1957-жылы Москвадагы П. Чайковский атындагы мамлекеттик консерваториянын флейта классын бүгүргөн. 1949-жылы Кыргыз филармониясынын эл аспаптар оркестринде, 1951—1952-жылдары Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында, 1952—1957-жылдары Москва шаарындагы цыгандардын «Ромэн» театрында, 1957— 1978-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын оркестринде иштеген. Бир эле мезгилде М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореография окуу жайында, В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда окутуучу, 1978-жылдан Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун кафедра башчысы, факультеттин деканы (1982), 1993-жылдан Кыргыз улуттук консерваториясында декан, профессор (1988) болуп эмгектенген. «Данакер» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1