Айтылыштар алгебрасы

Википедия дан

Айтылыштар алгебрасыматематикалык логиканын бир бөлүмү. Айтылыш (кээде айтым деп да аталат) деп ойдун жалган же чын экендигин так баяндоочу сүйлөм аталат. Айтылыштар А, В, С менен белгиленет. Айтылыштар алгебрасында айтылыштар менен төмөнкүдөй логикалык амалдар аткарылат: 1) айтылыштардын суммасы же дизъюнкция (же амалы). Белгилениши А˅В; 2) айтылыштардын көбөйтүндүсү же конъюнкция (жана амалы). Белгилениши А˄В; 3) тануу. Белгилениши А же >А; 4) импликация. Белгилениши А В, Айтылыштар менен башка логикалык амалдарды аткарууга да болот. Айтылыштарды эсептөөнү Д. Буль түзгөн.


Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004