Айыбын (күнөсүн) моюндап келүү

Википедия дан

Айыбын (күнөсүн) моюндап келүү – кылмыш жасаган кишинин ал тууралуу тергөө, прокуратура органдарына, сотко өзүн сот адилеттигинин колуна тапшыруу ниети менен өз ыктыярдуу келүүсү. КР кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарында Айыбын (күнөсүн) моюндап келүүсү кылмыш-жаза ишин козгоонун бир жүйөсү болуп саналат жана кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуунун атайын түрүн колдонуу үчүн кызмат кылышы мүмкүн. Айыпкер өзүнүн кылмышы ашкереленерин күн мурунтан билип келген учурларда, Айыбын (күнөсүн) моюндап келүүнү жеңилдетүүчү жагдай катары кароого болбойт.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7