Айыл чарба тармактарын өнүктүрүүнүн келечеги

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Айыл чарба тармактарын өнүктүрүүнүн келечеги - Алар төмөнкүлөр:

1. Дан проблемасын айдоо жерлеринин жетишсиздигинен жана которуштуруп айдоо талаптарынан улам толук көлөмүндө чечүү азыркы убакта мүмкүн эмес. Республика өз өндүрүшүнүн эсебинен калкты азык даны менен (710-810 миң т.) камсыз кыла алат. 2000-2005-жылдарда 500-450 миң т. өлчөмүндө жемдик дандын жетишпей тургандыгынан улам тартыштык келечекте да сакталып калмакчы. Агротехнологияларды сактоонун, мол түшүм берүүчү сортторду өндүрүшкө киргизүүнүн эсебинен дан эгиндеринин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана 2020жылы дан алууну 600 миң гектар аянттан 1800-2000 миң т. чейин жеткирүүгө болот;

2. Республиканын калкынын кант керектөөсү рационалдык нормалар боюнча 175 миң т., анын ичинде тамак-аштык кант - 100 миң т. чектеринде болот. 2020-жылга карата кант кызылчасын эгүү аянттарын 400-500 миң т. чейин тамырлуу жемиш алуу менен 20-25 миң гектарга чейин жеткирүү каралууда.

Кызылча эгүүнү мелиорация жагынан которуштуруп айдоодо өсүмдүктөрдү алмаштырып туруу үчүн зарыл аянттары болгон көбүнесе ирилештирилген чарбалардагы мыкты жерлерге жайгаштыруу да каралып чыгууда. Өнөр жай ишканаларын кант менен камсыз кылуу проблемасын Ак-Суу жүгөрүнү кайра иштетип чыгуу комбинатынын эсебинен жарым-жартылай чечүүгө болот. Мында жүгөрү данынын бир бөлүгүн Казакстандан жана Өзбекстандан алып туруу маселесин чечүү керек;

3. Калктын өсүмдүк майына керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн (35-40 миң т.) май алынуучу өсүмдүктөрдүн (pane, күн карама, сафлор ж.б.) айдоо аянттарын чечүү каралууда. Республиканын шарттары келечекте май чыгаруучу чакан заводдордун тармагын өнүктүрүп, май алууну өз өндүрүшүнүн эсебинен камсыз кылуу проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берет;

4. Тамеки чарбасы келечекте агроөнөр жай комплексинин экономикалык абалын жакшырта алат, анын үстүнө тамеки Кыргызстандын экспортунун башкы статьяларынын бири болуп эсептелет. Тамеки өстүрүү кыйла даражада калкты иш менен камсыз кылуу проблемасын чечет. Тамеки-сырьесунун өндүрүшүн 15-20 миң гектар аянтка эгүү учурунда 3035 миң т. деңгээлинде турукташтыруу каралып жатат. Тамекинин Вирджиния тибиндеги жаңы сортторун ишке киргизүү, анын сапатын жакшыртуу жана түпкү продукцияга сигареталарга чейин кайра иштетип чыгуу маанилүү милдет болуп эсептелет;

5. Республиканын муктаждыктары пахта сырьесун өндүрүү көлөмүн арттыруу зарылдыгын таңуулоодо. Пахтаны кайра иштетип чыгуучу ишканалардын колдо турган кубаттуулуктары өз өндүрүшүбүздү сырье менен теңине гана камсыз кылат. Пахта сырьесун өстүрүп алуунун интенсивдүү технологияларын өндүрүшкө киргизүү менен пахта алууну 2009-жылдагы 96 миң т. 2015-2020-жылдарда 40 миң гектарга чейинки айдоо аянттарында 120-137 миң т. жеткирүүгө болот;

6. Республикада картошка жана жашылчалар менен толук өзүн өзү камсыз кылуунун реалдуу мүмкүнчүлүгү бар. Жашылча өсүмдүктөрүн жана картошканы өстүрүп алуунун интенсивдүү технологияларын ишке киргизүү менен (атап айтканда, картошканын голландиялык сортун), картошканы жана жашылча өсүмдүктөрүн жыйноо, ташуу жана сактоо учурундагы коромжулуктарды кыскартуу менен 2020-жылы картошка жана жашылчаларды алууну 1800 жана 1300 миң т. чейин жеткирүүгө болот, бул калктын аларга болгон керектөөлөрүн толугу менен камсыз кылат жана 100-110 миң т. чейинки жашылчаларды (пияз ж.б.) экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Бул тармактарды өнүктүрүүдө калктын фермердик, дыйкан жана жеке көмөкчү чарбалары белгилүү ролду ойнойт;

7. Калкты мөмө-жемиш жана жүзүм менен камсыз кылуу аба ырайынын шарттарына жараша олку-солку болуп турат. Бирок кийинки жылдарда мөмө-жемиш өсүмдүктөрү жана жүзүм аянттары эч жүйөөсүз кыскарууда. Бул тармактарды өнүктүрүүдө артыкчылыктуу багыт түзүү керек, анткени жаңы жана кайра иштетилген түрүндөгү азыктар экспорттук жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Республиканын калкы бул азыктар менен өз өндүрүшүнүн эсебинен 2020-жылы толук камсыз кылынышы мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9